Мындан ары Салык кызматынын борбордук аппараты бизнести текшербейт

Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов мекеменин 20-январдагы жыйынында борбордук аппараттын жаңы түзүмүн бекитти.

Жаңы планга ылайык, аппарат мындан ары көчмө текшерүүлөрдү жүргүзбөйт. Алардын ордуна бул иш менен аймактык салык органдары алектенет.

«Алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө кыйла жеңил, ошондуктан анда коррупциялык көрүнүштөр аз», — деп билдиришти мекемеден.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, буга чейин борбордук аппараттын кызматкерлери негизинен ири бизнести текшерип, буга ишкерлер даттанып келишкен.

Эми текшерүү башкармалыгы «пландоо, тобокелдиктерди талдоо жана баалоо, отчёт түзүү, көзөмөлдөө» менен гана алектенет.