«Сапат» лицейлериндеги окуучулардын ата-энелери президентке кайрылды

Бүгүн «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинде окуган балдардын ата-энелери маалымат жыйын өткөрдү. Алар лицейлердин Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүлүшүнө тынчсызданып жатканын билдиришти.

Ата-энелер лицейлердеги билим берүү түзүмүнүн сакталышын, күчтүү мугалимдердин калышын жана окуучу мектепти бүткөндө документке «Сапаттын» мөөрү коюлушун каалап жатканын белгилешти.

Ошондой эле алар «Маариф» фондунун өкүлдөрүнүн жоопторуна канааттанбай жатышканын кошумчалап, президент Садыр Жапаровдон алардын маселесине көңүл бурууну өтүндү.

Министрлер кабинети 31-декабрда «Сапатты» «Маариф» фондуна өткөрүп берүүнү чечкен. Мекемеден бул чечим окуучулардын кызыкчылыктарын жана билим берүү тармагындагы ишенимдүү өнөктөш катары фонддун татыктуу аброюн камсыз кылуу менен негизделгенин белгилешкен.

Эртеси «Сапаттын» жетекчилиги кыргыз бийлигинин бул чечими күтүүсүз болгонун билдирген. Ошол эле учурда алар бардык «юридикалык жана укуктук» нормалар сакталат деп үмүт артарын айтышкан.

Түрк бийлиги «Сапатты» 2016-жылы Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракетинин уюштуруучусу деп эсептелген оппозициялык дин аалымы Фетхуллах Гүлен менен байланыштырып келген. Гүлен өзү төңкөрүшкө тийиштүү айыптоолорду четке каккан.

2016-жылы Түркия Кыргызстандан 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» лицейлерин жабууну талап кылган. Бирок анда кыргыз бийлиги мындай сунуштан баш тарткан.

«Маариф» фонду 2016-жылы Түркиянын Билим берүү министрлигинин алдында негизделген. Анын максаты — бала бакчадан баштап университеттерге чейин чет өлкөлөрдөгү билим берүү мекемелерин башкаруу, маданий алмашууну илгерилетүү жана сапаттуу билим берүүнү жайылтуу.