Жалал-Абад шаарында өзүн журналисттик иликтөө жүргүзгөн блогер деп тааныштырган Жазира Осмонова ишкерлерден акча талап кылган деп айыпталууда. Бул тууралуу 27-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, блогер ишкерлерди Сузактагы базардын соодагерлеринен ижара акысын мыйзамсыз чогултуп жатат деп айыптаган. Ал ишкерлерди «иликтөө жүргүзүп, материалдарды интернетке жарыялайм» деп коркутуп ири өлчөмдө акча алган.
Атайын кызматтан Осмонова мурда ушул сыяктуу иш боюнча кармалган дагы бир блогер Айка Мусаева менен жакын байланышта экенин кошумчалашты.
Азыркы тапта Осмонованын ушул сыяктуу башка иштерге тиешеси бар-жогу текшерилип жатканы белгиленди.
Былтыр журналист Адыл Акжол уулуна да ушундай берене менен иш козголгон. Ал Ысык-Көлдүн тургунунан анын катышуусунда тартылган видеону өчүрүү үчүн ири өлчөмдө акча талап кылганы айтылган. Ага мындан тышкары «массалык башаламандыкка чакыруу» айыбы да тагылган.