Бүгүн, 31-январда, Ош шаардык кеңешинин кезектеги отурумунда «Ош шаарынын айрым көчөлөрүндөгү бак дарактарды кыюуга макулдук берүү жөнүндө» долбоор колдоо тапты.
Долбоорду баяндаган мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаевдин айтымында, «дарактардын эскилиги жеткен». Алардын ордуна «жаңы дарактарды отургузуу менен катар жолдор кеңейтилип, атайын арыктар казылып, электр чубалгыларын жер алдынан өткөрүү» каралууда.
«Экологдор, токой-чарба кызматкерлери менен да сүйлөштүк. Тиешелүү адистердин кеңештерин уктук [...] Курманжан Датка көчөсүнөн 1870 түп дарак, Масалиев көчөсүнөн 453 түп, Ленин көчөсүнөн 1870 түп жана Асранкулов көчөсүнөн 18, ошондо жалпысынан 3833 даракты уруксат берсеңиздер дүйшөмбүдөн баштап кесе баштайбыз. Эмне үчүн шашылыш дегенде, биз 15-мартка чейин алардын ордуна жакшы дарактары эгип алуу маселесин коюп жатабыз», — деди Жунусбаев.
Ошондой эле ал адистер Ош шаарына жакшы адаптация боло турган «клен», «липа», «акация», «каштан» сыяктуу дарактарды сунуштаганын билдирди. Анын айтымында, бул дарактар шаардын экологиялык абалына оң таасирин тийгизет.
«Жамгыр жааганда коммуналдык кызматкерлерге аябай кыйын. Ош шаарында арыктар (лотоктор) жокко эсе. Ошондуктан дарак менен кошо лоток коюп кетүү маселесин да койдук. Дагы бир чоң көйгөй электр чубалгылары — жол салсак, ошол линияларды жердин алдынан өткөрүү маселесин карап жатабыз», — деди мэрдин орун басары.
2019-жылы да Ош бийлиги калаадагы Шакиров көчөсүн кеңейтүү үчүн 523 түп даракты кыйган. Анда дарактарды кыюу балдардын саламаттыгына терс таасир тийгизери, ошондой эле дарактарды кыйгандан жол тыгыны азайбай турганы айтылган.
Кененирээк окуңуз: Ош шаарында быйыл 523 дарак кыйылды — бул көппү же азбы? Түшүндүрөбүз