Бишкекте блогерлер Аман Байсеитов жана Сигма деген ысым менен белгилүү Арген Керимов көчөдө автожарыш уюштуруп, анын видеосун соцтүйүндөргө жайгаштырган.
Кайгуул милициясынын маалыматына ылайык, Байсеитовго 15 миң сом өлчөмүндө айып салынып, BMW үлгүсүндөгү унаасы айып жайга киргизилди.
Мекемеден Керимовго да айып салынарын белгилеп, азыр ал Кыргызстанда эмес болгондуктан, унаасы бүгүн же эртең айып жайына киргизилерин билдиришти.
Милициядан блогерлердин көчөдөгү жарышын «коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачык бузган» автобейбаштык деп аташты.