Депутат Мамашова бийликти кризистик борборлорду каржылоого чакырды

Депутат Айсулуу Мамашова парламенттин 19-февралдагы жыйынында чет өлкөлүк донорлор Кыргызстандагы кризистик борборлорго жардам берүүнү токтотконун белгилеп, бийликти аларды каржылай баштоого чакырды.

Депутаттын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары үчүн балдары менен баш калкалоого мындай борборлордон башка жайлар жок.

«Дээрлик ар бир борбор ижарада отурат. Өзгөчө Ош шаарындагы кризистик борборлордо айымдар батпай жатат. Анткени зордук-зомбулук жылдан жылга көбөйүп, [зомбулук курмандыктарынын] башка бара турган жери жок болууда. [Ошондуктан] кризистик борборлордо бош орун жок. Буга карабастан, аялдар юридикалык жана психологиялык жардамдарды алуу үчүн барып жатышат» — деди ал.

Мамашова Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын кабыл алууга даяр мамлекеттик кризистик борбор бар экенин белгилеп, бирок каражаттын жетишсиздигинен улам дагы деле ачылбай турганын кошумчалады.

Депутат бийликти үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көп катталган Чүй облусунда алгачкы кризистик борбор ачууга чакырды. Ал азыр зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдар Бишкекке келүүгө аргасыз болуп жатышканын белгиледи.

Буга чейин бир катар кризистик борборлордун башчылары парламент депутаттары жана аткаминерлер менен жолукканда каражаттын жетишсиздигинен улам жабылуу алдында турушканын билдиришкен.

Кризистик борборлор — бул күн сайын зомбулуктан жабыркаган жүздөгөн аялдарга акысыз жардам көрсөтүп келген уюмдар. Алар зомбулук курмандыктарына психологиялык колдоо көрсөтүп, юридикалык жардам берип, убактылуу баш калкалай турган жай беришет.

Үй-бүлөлүк зомбулук — өлкөдөгү эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Жыл өткөн сайын үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны өсүүдө. Алардын басымдуу бөлүгү — аялдар.