Ош мэриясындагы 3 кызматтын жетекчилеринин орду алмашты.
Жарандарды тейлөө бюросунун башчысы болуп иштеп келген Нурсултан Шакир уулу кызматынан бошотулуп, «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын» жетекчиси болуп дайындалды.
Нурсултан Шакир уулу буга чейин бир канча ирет жетекчилик кызматтарды аткарып келген. Ал «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан шаардык кеңешке да талапкер болгон.
Бул орунду мурда ээлеп келген Абай Большевиков «Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынын директору болуп которулду.
Ал эми «Жапалак унаа базарынын» мурдагы жетекчиси Нурмухаммед Каракулов эми Жарандарды тейлөө бюросун башкарат.
Буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койду.