Ош: «Ата-Журт Кыргызстандан» талапкер болгон Нурсултан Шакир уулу кызматка дайындалды

Нурсултан Шакир уулу

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан шаардык кеңешке талапкер болгон Нурсултан Шакир уулу Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу 2-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Шакир уулу кызматка үч айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.

Ал эми башкармалыктын мурдагы жетекчиси Эркин Аралиев Ош шаарынын мэриясынын алдындагы автогараждын башчысы болду. Мекеменин мурдагы жетекчиси Нурлан Турпаев болсо өз каалоосу менен кызматтан кеткени айтылды.

Шакир уулу жөнүндө эмне белгилүү?

Нурсултан Шакир уулу 26 жашта, кесиби боюнча юрист. Ал буга чейин «Ош көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Кийин «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон. Аны менен катар жеке ишкерлик менен алектенет.

2020-жылы пандемиядан улам өтпөй калган Ош шаардык кеңешке шайлоого «бийликчил» делген «Биримдик» партиясы менен аттанган.

Ал эми 2021-жылы апрелде өткөн шаардык кеңешке шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен барган. Бирок массалык бузуулардан улам Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңешине өткөн шайлоолордун жыйынтыгы жокко чыккан.

Шакир уулунун Фейсбуктагы барагына жазган маалыматына караганда, ал «ок атууга жана Калашников автоматын тазалоого абдан кызыгат». Баракчасына да ок атып жаткан видеолорун байма-бай бөлүшүп турат. Ошондой эле кайрымдуулук менен алектенет.

Мындан сырткары апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Оштун экс-мэри Таалайбек Сарыбашов менен кошо Баткенде жүргөн. Анын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен түшкөн сүрөтү да бар.

Ал эми өткөн жылдын октябрында Шакир уулу экс-мэр Таалайбек Сарыбашовдун уулунун үйлөнүү тоюнда жүргөн. Анын Инстаграмдагы сүрөт-видеолору аркылуу журналисттер экс-мэрдин чоң тою тууралуу кабардар болушкан.

Тойдо УКМКНын төрагасы Камчыбек Ташиев, коррупцияга аралашканын мойнуна алган экс-бажычы Райымбек Матраимов, экс-спикер Ахматбек Келдибеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, депутат Улан Примов жана экс-депутат Азамат Арапбаев бир сахнага чыгып каалоо-тилек айтышкан.

Ош: «Биримдиктен» талапкер болгон Шакир уулу жашылдандыруу ишканасынын орун басары болду