Баткен районундагы Достук айылынын эли Бужум айылындагы Чет-Булак аймагына көчүрүлөт. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов Достуктун тургундары менен жолугуп, алардын макулдугу менен жаңы аймак тандалганы айтылды.
«Ар бир үй ээси үчүн 5 сотых жер тилкесине мамлекет тарабынан бардык шарттары менен 71 турак үй курулат. Мамлекеттик актысы бар жер тилке ээлерине турак жай салуу үчүн 5 сотыхтан жер берилет»,
— деп жазылган маалыматта.
Айыл чарба үчүн Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы 9 гектар жер бөлүнөрү айтылды.
27-февралда Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында Камчыбек Ташиев Баткен районундагы Достук айылы жаңы салынган үйлөрү менен кошо толугу менен Тажикстанга өткөрүлгөнүн билдирген.
5-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Айжигитов парламентте Достук айылын берүүгө каршы чыккан. Мындай билдирүүсүнөн кийин аны «Ыйман Нуру» фракциясынын мүчөлүгүнөн чыгарып салышкан.
Айжигитиовдун пикирине президент Садыр Жапаров да жооп берип, депутатты «провакация жасады» деп билдирди. Өлкө башчысы чек ара маселесине «түбөлүк чекит коюлганын билдирип, эки өлкөнүн кызыкчылыгы теңме-тең эске алынганын» айтты.