Президент Садыр Жапаров чек ара маселеси боюнча «Кабар» агенттигине маек куруп, депутат Айжигитовду «провакация жасады» деп билдирди.
Жапаров чек ара маселесине түбөлүк чекит коюлганын билдирип, эки өлкөнүн кызыкчылыгы теңме-тең эске алынганын айтты.
«Достук айылы Ворухка дарбаза болуп турат имиш. Ворух каякта дагы Достук айылы каякта? Экөө эки башка жактарда турат. Ворухка Ак-Сай айылы дарбаза болуп турат. Мунун баарын бул киши беш колундай билет. Эки тарап тең стратегиялык максатты көздөп алмашууларды кылган жокпуз. Кайсы жерде дайыма чыр-чатактар чыгып кетип жаткан жерлерди алмаштык. [...] Эки мамлекеттин ортосунда чек ара чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы болбош керек»,
— деди Жапаров.
Ал эми Айжигитовдун сөздөрүн негизсиз деп атап, «демагогия, жалаң демагогия» деп баалады.
«Бул киши үч күндө пикирин алмаштырып башкача сүйлөп чыкканы түшүнүксүз. Эмнеге минтти изилдеп көрүшүбүз керек. Бул киши баарын билет, түшүнөт, беш колундай билет. Бирок эмнегедир башка дагы көп маселелерде билмексен болуп эле провокация жасай бергенин байкап жүрөм»,
— деди Жапаров.
Бир күн мурун Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламентте Достук айылын берүүгө каршы чыгып, Тажикстан Ворух анклавына коридор алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн деп билдирген. Бул сөзүнөн кийин депутат «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылган.