Бүгүн, 12-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов фракциядан чыкканы тууралуу билдирүү үчүн 10 мүнөт сураган. Бирок сунушту 20 депутат колдоп, 14ү каршы добуш бергендиктен өтпөй, ага сөз берилген жок.
«Эми мага сөз да бербейсиңерби? Же кандай деп түшүнсө болот. Мыйзам деген барбы? Бул парламентпи же нотариалдык органбы? Уялбайсыңарбы. Сөз берип койгула да. Мен өзүмдүн фракциядан чыгып кеткеним жөнүндө билдирүү кылып коёюн деп атам. Андан тышкары эч нерсени айтпайм. Чек араны да, башкасын да айтпайм. Мен өзүмдүн сөзүмдү айтып койгонго да уруксат бербейсиңерби? Парламентсиңерби же эмнесиңер? Депутатсыңарбы же кимсиңер?»
— деди Айжигитов.
5-мартта Айжигитов парламентте Достук айылын берүүгө каршы чыккан. Мындай билдирүүсүнөн кийин аны «Ыйман Нуру» фракциясынын мүчөлүгүнөн чыгарып салышкан.
Айжигитовдун пикирине президент Садыр Жапаров да жооп берип, депутатты «манипуляция кылууга» айыптаган. Өлкө башчысы чек ара маселесине «түбөлүк чекит коюлганын билдирип, эки өлкөнүн кызыкчылыгы теңме-тең эске алынганын» айткан.