Чоң-Алайдагы бала бакчанын отканасында ата-бала иске ууланып каза болду

Image descriptionЧоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында 8-мартта 40 жаштагы эркек киши 14 жаштагы уулу менен бала бакчанын отканасында газга ууланып каза болду. Окуя тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБден билдиришти.

Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

«Күбөлөр суралып, ата-бала Кашка-Суу айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде от жагуучу жайда кошумча кубаттагычтан (движок) чыккан газга ууланып каза болгондугу маалым болду», — деп жазылган маалыматта.

Маркумдун жакындары арыз-доосу жок экенин айтып, экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан.

Учурда текшерүү уланууда.

1-февралда Ошто да бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү иске ууланып, беш жаштагы бала көз жумган.