Ошто бир үй-бүлө иске ууланып, беш жашар бала чарчап калды

Image descriptionОшто бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү иске ууланып, жыйынтыгында беш жаштагы бала чарчап калды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, окуя 1-февралда болгон. Кырсыкка сапатсыз көмүрдүн пайдаланылганы себеп болгон болушу мүмкүн.

33 жаштагы апасы менен беш баласы Ош шаардык балдар ооруканасына жеткирилген. Бирок беш жаштагы баланын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

«Азыр апасы менен калган балдары дарыланууда», — деп жазылган билдирүүдө.

Милициядан балдардын атасы чет өлкөдө иштеп жүргөнүн кошумчалашты.

Бул боюнча тергөө иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.