Бүгүн, 28-мартта БШК Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун мандатын алды.
Буга Айжигитовдун 2021-жылы шайлоодо талапкерлигин койгондо кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалыматты БШКга бербегени себеп болгону айтылды.
Айжигитовдун мандатын алуу чечимин БШКнын 11 мүчөсү колдоп, бирөө
каршы добуш берди. Комиссиянын төрагасы Айжигитов чечимге каршы болсо, сотко кайрыла аларын айтты.
Айжигитов 5-мартта парламентте Достук айылын берүүгө каршы чыккан. Мындай билдирүүсүнөн кийин аны «Ыйман Нуру» фракциясынын мүчөлүгүнөн чыгарып салышкан.
Айжигитиовдун пикирине президент Садыр Жапаров да жооп берип, депутатты «манипуляция жасоого» айыптаган.
19-марттагы парламенттик жыйында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Айжигитовду мандатынан ажыратуу менен коркуткан.
Анда Ташиев депутатты 2017-жылы жаш балага кол көтөргөнүн айтып, сотто иштеген туугандарынын жардамы менен жоопкерчиликтен кутулганын билдирген. Ошондой эле БШКга соттуулугу тууралуу маалымдама бербей койгонун кошумчалап, «Эгер эртең БШК Айжигитовдун мандатын алса, таң калбагыла» деп эскерткен.
Айжигитов Ташиевге жооп катары «Азыр күч да, акча да, ресурс да Ташиев тарапта экенин, ошондуктан ал каалаганын айта алат» деп жооп берген.
Андан соң Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууну ратификациялап, Айжигитов гана каршы добуш берген.