Айжигитов БШКнын чечимине каршы сотко кайрылды

Image descriptionСултанбай Айжигитов БШКнын мандатын алган чечимине каршы сотко кайрылды. Бул тууралуу ал «Клоопко» тастыктады.

«Арызды бүгүн таштап келдим. Жакында атайын маалыматтык жыйын өткөрөм. Ошондо толук маалымат берем»,
— деди Айжигитов.

28-мартта БШК Айжигитовдун мандатын алган. Ага депутаттын 2021-жылы шайлоодо талапкерлигин койгондо кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалыматты БШКга бербегени себеп болгону айтылган. Бул чечимди БШКнын 11 мүчөсү колдоп, бирөө каршы болгон.

Айжигитов 5-мартта парламентте Достук айылын берүүгө каршы чыккан. Мындай билдирүүсүнөн кийин аны «Ыйман Нуру» фракциясынын мүчөлүгүнөн чыгарып салышкан.

Айжигитиовдун пикирине президент Садыр Жапаров да жооп берип, депутатты «манипуляция жасоого» айыптаган.

Кийин 19-мартта парламенттик жыйында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Айжигитовду мандатынан ажыратуу менен коркуткан эле.