Балдар үйүнүн тарбиялануучулары карылар үйүндө зомбулукка кабылган — укук коргоочу

9-апрелде «Балдар укугун коргоо лигасынын» башчысы Назгүл Турдубекова Ош шаарындагы «Боорукерлик» карылар үйүндө балдар зомбулукка кабылганын билдирди.

Анын айтымында, кеп «Лотос» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн тарбиялануучулары жөнүндө болууда. Алар балдар үйүнүн имараты жараксыз абалга кептелгендиктен, былтыр Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыровдун макулдугу менен «Боорукерлик» үйүнө көчүрүлгөн.

Турдубекова анда балдарды чоңдордун мекемесине которбоону өтүнгөнүн, бирок аткаминерлер аны укпаганын кошумчалады.

«Алар ал жакта жарым жыл болушту. Балдар борбордун кызматкерлери тарабынан зомбулук, буллингге кабылып, сексуалдык ыдык көргөнүнө даттанууда», — деди Турдубекова. Ал бийликти балдарды коргоого алууга чакырды.

Акыйкатчы институту мекеменин кызматкерлери барып, «Боорукердик» жана «Лотос» үйлөрүн текшергенин билдирди.

Маалыматына ылайык, балдар үйү былтыр июнда, катуу шамал имараттын чатырын учуруп кеткенден кийин убактылуу жабылган. Буга байланыштуу балдар Алай районундагы фостердик үй-бүлөгө көчүрүлгөн. Бирок ал жерде кышкысын жашоого шарт жок болгондуктан, ноябрь айында «Лотос» балдар үйүнүн тогуз тарбиялануучусу «Боорукердик» карылар үйүнө убактылуу жайгаштырылган. Быйыл 28-мартта балдарга өзүнчө имарат берилип, алар карылар үйүнөн чыгып кетишкен.

Акыйкатчы институтунан мекеме кызматкерлери «Лотоско» барганда, милиция интернаттын директорун, Ош шаарынын Эмгек, миграция жана калкты социалдык жактан коргоо башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлүн суракка алганын билдиришти.

«Кызга ыдык көрсөткөн деп шектелип жаткан карыя “Боорукердик” үйүндө өткөн жылдын 22-августунан бери жашайт. Үй-бүлөсү жана жашаган жери жок. Буга чейин соттолгон», — деп билдиришти мекемеден.

Маалыматка ылайык, сурак учурунда ыдык көрсөтүүгө кабылганы айтылган кыз шектүү ага сөз менен тийишкенин ырастаган.

«Кыздар ошондой эле “Боорукерлик” карылар үйүнүн айрым кызматкерлери аларга жана башка балдарга физикалык зомбулук көрсөтүшкөнүн билдиришти», — деп жазылган Акыйкатчы институтунун билдирүүсүндө.

Мекемеден тергөөгө чейинки териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен бул окуяга тиешеси бар адамдардын аракеттерине укуктук баа бериле турганын кошумчалашты.