Кыргызстандын мектептери бардык балдарды, анын ичинде эмделбегендерди да кабыл алат, анткени ар бир бала билим алууга укуктуу. Бул тууралуу 10-апрелде өлкөнүн Билим берүү министрлиги билдирди.
«Дарыгер уруксат берген учурда тиешелүү эмдөөлөрдү ар бир бала өз убагында алат. Кээ бир учурларда жүйөлүү себептер менен дарыгер убактылуу эмдөөлөргө уруксат бербеши мүмкүн. Бирок бардык балдар медициналык кароодон өтүү менен мектептерге кабыл алына берет», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Министрликтен балдар мектепке кабыл алынган учурда ата-энелер медициналык маалымкатты, эмдөө картасын тапшырарын кошумчалашты.
Буга чейин билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева быйылтан тарта эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке кабыл алынбай турганын билдирген. Анын айтымында, ата-энелер баласынын жалпы профилактикалык кароодон өткөнү жана эмделгени тууралуу маалымкаттарды милдеттүү түрдө мектепке берүүсү керек болот.
«Эмдөөдөн өтпөгөн балдар токтом боюнча мектепке алынбайт. Эмдөө боюнча аныктама Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү бардык ооруканаларды санариптештиргенден кийин суралбай калат», — деген Самыкбаева.
Министрликтин бул чечимине бир нече парламент депутаты нааразылык билдирген. Эл өкүлү Бактыбек Чойбеков эмдөөдөн өтпөгөн балдарды мектепке кабыл алуудан баш тартуу Конституцияга каршы келерин айткан.
«Кызамыктын кооптуу экенин түшүнүп турам, эмдөөнүн пайдалуу экенин да билебиз. Бирок бул медициналык эмес, а конституциялык маселе. Мага көптөгөн жарандар кайрылып жатышат. Баш мыйзамдын 46-беренесинде ар бир жаран билим алууга укуктуу экени жана негизги жалпы билим алуу милдеттүү экени жазылган. Биз болсо тоскоолдуктарды жаратып жатабыз», — деп билдирген Чойбеков. Ал Конституциялык сот менен Башкы прокуратураны Билим берүү министрлигинин бул аракетине баа берүүгө чакырган.
Учурда Кыргызстанда кызамык күч алууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 10-апрелге карата өлкөдө кызамык жуктурган 5168 учур катталып, жыл башынан бери бул оорудан сегиз бала көз жумду.
Мекемеден эпидемия коркунучу жаралган учурда эмдөө албаган жарандарды билим берүү уюмдарына кабыл алуу убактылуу чектелиши мүмкүн экени белгилешти.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги оорунун көбөйүшүнүн негизги себеби — балдардын кызамык менен кызылчадан пландуу эмдөөдөн баш тартуусу экенин билдирген. Маалыматка ылайык, жыл сайын өлкөдө вакцинанын коопсуздугуна жана таасирдүүлүгүнө болгон шектенүүлөрдөн жана диний ишенимдерден улам 20 миңге чейин эмдөөдөн баш тартуу учурлары катталат.