Шайлообек Атазов: Матраимов менен чыныгы саясий байланышы барлар төрдө отурат

Экс-депутат Шайлообек Атазов журналист Семетей Аманбековго маек куруп, «Райымбек Матраимов менен чыныгы саясий байланышы барлар бийликте отурганын» билдирди.

Атазов Матраимовго байланышы бар деп мандатынын алынышын адилетсиз жана тандалма мамиле болгон деп эсептейт. Анын айтымында, ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев баш болгон таасирдүү адамдардын кызматтары сакталып калган.

«Курманкул Зулушев тойго келип уча жегени, Матраимовду күткөнү бул мындай эле нерсе. Мен Жогорку Кеңеште трибунадан маданияттуу айтканым. Анын артындагы иштерди убактысы келгенде кийин, кененирээк айтам. Менин айтайын дегеним, ошол башкы прокурор Райым Матраимов менен байланышы бар, алардан каржы алган да, алар туруп калса да, анан Атазов байланышы бар деп мандатын алып койсо. Адилеттүүлүк каякта деген нерсени айткым келген»,
— деди Атазов.

Экс-депутат бүгүнкү күндө да Матраимовго байланышы бар Жогорку Кеңеште 100дөй адам бар экенин, алардын бири төрага Нурланбек Тургунбек уулу экенин айтты.

«Матраимов менен байланышы бар Жогорку Кеңештен 100гө чейин тизмени санасак болот. Кимдер дегенде, Жогорку Кеңештин төрүндө отурат Шакиев. Шакиев мырзанын Матраимов менен байланышы бар экенин расписка, видеолор менен көрсөтүп койсо болот»,
— деди Атазов.

Атазов Матраимов менен спорт жаатында жардам сурап 2018-жылы таанышканын айткан. Бирок саясаттан ага байланышы барларды тазалоону башкы прокурор менен төрагадан баштоо керек эле дейт.

«Башкы прокурордон, төрагадан баштап ылдый кетели деп тазалап ташташ керек эле да. Ошондо бизге окшогон зулум чеккен, ак жерден Айбек Осмонов деген депутат экөөбүздү алды. Айбек Осмонов Матраимов менен партия талашкан. Анын кандай тиешеси бар»,
— деди Атазов.

Экс депутат Матраимов менен чыныгы байланышы барлар төрдө отурганын жана убагы келсе айтыларын баса белгилеген.

Шайлообек Атазов 2022-жылы Бишкектин Свердлов районунан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2024-жылы мартта алгач Бишкек шаардык соту, кийин Жогорку сот Атазовду мандатынан ажыраткан.

2024-жылдын башынан баштап мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен жакын мамиледе деген бир канча депутат мандатынан ажыратылган. Ал тизмеге Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов, Искендер Матраимов кирет.