Бишкектин жаңы башкы планын жапон компаниясы иштеп чыгат

Минкабдын башчысы Адылбек Касымалиев баш калааны 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгуу боюнча Бишкек мэриясынын сунушун жактырды. Бул тууралуу AКИпресс басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн буйругунда башкы планды иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүчү катары «Никкен Сэккей Лтд» компаниясы тандалганы жазылган.

Инвестициялык макулдашуунун шарттары боюнча, документ бюджеттен сырткаркы каражаттын эсебинен иштелип чыгат.

Басылманын маалыматында мындай чечим «Бишкектин пландуу түрдө өнүгүшүн камсыз кылуу» үчүн кабыл алынганы белгиленген. Ошол эле маалда баш калаада өз ичине бизнес-борборлорду, турак жайларды, социалдык объектилерди жана парк аймактарын камтыган имараттардын комплексин куруу боюнча Минкаб менен «РЦА Ливинг» ЖЧКсынын ортосундагы макулдашуу эске алынары жазылган.

Бишкек мэриясына жапониялык «Никкен Сэккей Лтд» архитектуралык компаниясы менен башкы планды иштеп чыгуу боюнча келишим түзүү тапшырмасы берилди.

Ал эми Курулуш министрлиги аталган компаниянын лицензиясын Кыргызстандын аймагында таануу боюнча чараларды көрүшү керек — учурда ал чет өлкөлүк лицензияга ээ.

Бишкек шаарынын башкы планына байланышкан маселе парламентте да, коомчулук арасында да кызуу талкууланып келет. Калаа бийлиги Айтматов проспектисин алты тилкеге чейин кеңейтип жатат. Бул үчүн жол боюндагы миңден ашык терек кыйылып, учурда «Киргизия-1» жана «Киргизия-2» конуштарындагы 66 турак үйдүн тосмолору жана аймагындагы курулуштар бузулууда.

Калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин айтымында, мэрия тосмолорду бузууну шаардын 1970-жылдары кабыл алынган башкы планына таянып талап кылууда. Ага ылайык, «үйлөрдүн аймагы жолдун жээгинен 12-14 метр ичкери кириши керек». Тургундарга аймакты бошотуу талабы коюлуп, бирок аларга компенсация төлөнбөй турганы айтылууда.

Ошол эле маалда шаардын азыркы башкы планы өкмөттүн 2006-жылдагы токтому менен 2025-жылга чейин деп бекитилгенине карабастан, мэриянын эмнеге дал 1970-жылдардагы документке таянып жатканы түшүнүксүз бойдон калууда.

Депутат Исхак Масалиев парламенттик комитетте «башкы план жаңыдан иштелип жатса, мэрия кандайча иш алып барып жатат?» деп суроо салган.

«Никкен Сэккей Лтд» компаниясы буга чейин мурдагы «Ак-Кула» ат майданынын ордуна курула турган көп функционалдуу Royal Central Park комплексинин долбоорун иштеп чыккан. Анын инвестору жана курулушчусу катары «Клооп» менен Temirov Live'дын биргелешкен иликтөөсүндө аты аталган «РЦА Ливинг» компаниясы көрсөтүлгөн.

Журналисттер былтыр жарыяланган иликтөөдө кыргыз бийлиги «Ак-Кула» ат майданынын 53 гектардан ашык жерин аталган компанияга базар баасынан кыйла арзан жана бөлүп төлөө шарты менен сатканын аныктап чыгышкан.

«РЦА Ливинг» компаниясынын артында вьетнамдык олигархиялык үй-бүлө — мурдагы партиялык фунционер Туан Тран менен анын жубайы Нгуен Тхи Нгуен Хыонг, ошондой эле кыйыр түрдө маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы болгон депутат Бахридин Шабазовдун үй-бүлөсү турат. Бул тууралуу кененирээк биздин иликтөөдөн окуңуз.