Рита Карасартовага медициналык кароого барууга уруксат берилген жок

Укук коргоочу Рита Карасартовага медициналык кароого барууга уруксат берилбегенин кызы Касиет Мамырбай 22-апрелде Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында Карасартовага операциядан кийин тигиштерин алдыруу керек болгон. Бирок ТИЗО-1дин жетекчиси клиникага барууга уруксат берген эмес.

«Мурун жазганымдай, апама жаагына оор операция жасалган. Негизи 3 саатка созула турган операция, токтобогон кан агууга байланыштуу 8 саатка созулган. Операциядан кийин бир жума бою чыдагыс оорудан күнүнө 2-3 “кетонал” ичип, дээрлик ар түнү кан агуусу кайра кайра аккандан, уктабай чыкчу»,— деп жазды Касиет Мамырбай.

Карасартованын кызынын айтымында, ТИЗОнун жетекчилиги дарыгерди мекемеге киргизүүгө уруксат берген. Бирок ал мындан кооптонуп жатканын айтты.

«СИЗО жетекчиси дарыгерди мекемеге киргизүүгө макул экенин айтты. Бирок мындай шартта бул өтө кооптуу. Эгер кайра кан токтобой ага баштасачы? Ал жерде ушундай операцияларга ылайыктуу жабдуу барбы? Кимге кайрылса болот? Адамды 2-3 саатка клиникага алып келүү ушунчалык оорбу?» — деди ал.

15-апрелге караган түнү Карасартованын үйү тинтүүгө алынып, андан кийин Чүй ОИИБге суракка алып кетишкен. 17-апрелде Свердлов райондук соту аны 12-майга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Карасартовага Тилекмат Куреновдун катын Фейсбук баракчасына жарыялаганы үчүн «массалык башаламандыкты даярдоого катышкан» деген айып тагылууда.