Гимндин жаңы варианты коомдук талкууга коюлбай кабыл алынат. Бул тууралуу комитеттик жыйында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министр гимндин сөзүн жана музыкасын жазууга сынактын мөөнөтүн 1-октябрга чейин узартууну сунуштады. Алгач текст тандалып, андан кийин ошол текстке ылайык музыка үчүн сынак жарыяланат.
Депутат Аида Исатбек кызы тексттин коомдук талкууга чыгарылышына кызыкты.
«Комиссия текстти тандап алып, коомдук талкууга алып чыгасыздарбы? Эл да аны менен таанышып, жактырып жа жактырбашын билип. Же комиссиянын негизинде эле чечим кабыл алынабы?»
— деди Исатбек кызы.
Министр тандалып алынган текст ЖМКлар аркылуу гана берилерин айтты.
«Комисссия текстти тандап алат, ал долбоорлорду массалык маалымат каражаттарына дагы жарыялайбыз. Анан Жогорку Кеңешке сунуштайбыз»,
— деди министр.
Буга чейин гимн жазууга сынак жарыяланып, бирок министрлик талапка жооп берген чыгарма табылбаганын айтып, кайрадан сынак жарыяланарын билдирген.
Жеңүүчүгө 1,5 млн сомдук сыйлык убадаланган.
Гимнди өзгөртүү демилгеси парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна таандык. Ал муну гимнде советтик калдыктар бар экени жана ырдоого татаал экени менен түшүндүргөн.
Кыргызстандын мамлекеттик гимни 1992-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. 2012-жылдын 27-декабрында үч куплеттен турган гимндин экинчи куплети парламенттин токтому менен кыскартылган.