Аялын уурдап кетип, кыйноого алган жаран кармалды

12-май күнү күндүз Тимур Абдразаков аттуу жаран аялынын жумушуна барып, аны уурдап кеткен. Бул жөнүндө милицияга түнгө жакын кабар берилип, «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Күн мурун милиция кызматкерлери жубайлардын кайсы жерде жүргөнүн аныкташкан. Бул маалда күйөөсү аялынын бетин жана чачын кескилегенге жетишкен. Укук коргоо органдары Абдразаковду кармашты.

Ал «Адам уурдоо» беренеси менен беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок үй-бүлөлүк зомбулук фактысы далилденген учурда анын аялына келтирген жаракаттарын эске алып, бул кылмышты «Кыйноо» беренеси менен да кароого болот эле. Анда соттолуучу үчүн үч жылдан беш жылга чейин абакка кесүү жазасы каралган. «Үй-бүлөлүк» зомбулук беренеси Кылмыш кодексинде да бар. Ал боюнча күнөөлүү деп табылган жаран 40 сааттан 100 саатка чейин коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилип же эки суткандан беш суткага чейин камалат.

Үй-бүлөлүк зомбулук — Кыргызстандагы олуттуу көйгөлөрдүн бири. Милиция жыл сайын аялдарга карата зомбулук боюнча миңдеген фактылар катталарын билдирип келет. Бул негизинен жабырлануучулар зомбулук жөнүндө ачык айтып чыккан же алган жаракаттарынын оордугунан улам милиция кийлигишүүгө аргасыз болгон гана учурлар. Бул тууралуу кененирээк биздин изилдөөдөн окуңуз.

Ошол эле маала кылмышкерлердин жазасыз калышы — аялдын өлүмү менен аяктаган системалык үй-бүлөлүк зомбулукка алып келет. Кыргызстанда жыл сайын 20дан ашык аял өлтүрүлөт. Бул тууралуу кененирээк бул жерден окуңуз.