Мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен сабаган Асел Ногойбаевага дагы бир канча ирет операция жасалат. Бул тууралуу өзү соцтармактагы баракчасына жазды.
«Ушул тапта операциялар болуп жатат жана алдыда планда 3 операция бар. Планда жок дагы канча операция бар экенин билбейм. Акырындап жүзүм оңолуп, өзүмө келе баштадым шугур. Бул процесс чынында жеңил өткөн жок. Анткени өзүмдүн кесилген кулак, мурунду, тилекке каршы сактай алган жокпуз. Азыр өзүмө өзүм донор болуп аткан учурум»,
— деп жазды Ногойбаева.
2023-жылы Асель Ногойбаевага мурдагы күйөөсү кол салып, бети-башын, кулак-мурдун кескилеп салган.
Айыпталуучу мурда да бир нече жолу Аселге кол салып, зордуктаган. Сот аны зордуктоо боюнча күнөөлүү деп таап, бирок пробациялык көзөмөл менен бошоткон. Ногойбаева соттун чечимине каршы арызданган.
Ногойбаеванын мыкаачылык менен кескиленгени коомдо чуу жараткандан кийин, Эстебесов «Зордуктоо» беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылып, 2024-жылдын январында «кыйноо» беренеси боюнча 20 жылга кесилген. Бирок зөөкүр абакта отурганда дагы Ногойбаевага билдирүү жазып, коркутуп-үркүтүп жүргөн.