Биринчи айым мурдагы күйөөсү бычактаган Асел Ногойбаевадан кабар алды

Биринчи айым Айгүл Жапарова мурдагы күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен бычакталган Асел Ногойбаевадан кабар алды. Бул тууралуу Жапарова 7-ноябрда фейсбук барагына жазды.

Жапарова «коомчулук менен бирге мындай окуяларды кескин айыптай турганын» билдирди.

«Кыздарыбыз кайсыл жерде болбосун өздөрүн коопсуз сезиши керек. Башынан азаптуу күндү өткөргөнүнө карабай Асел кайраттуу, жаркылдаган мыкты мүнөзү бар кыздарыбыздын бири экен. Белегиң үчүн чоң рахмат! Бардыгы жакшы болот!», — деди Жапарова.

Ошондой эле биринчи айым Ногойбаева тартуулаган белектин сүрөтүн жарыялады. 

Биринчи айымга Асел Ногойбаевадан белек. Сүрөт: Айгүл Жапарованын фейсбук барагы

Селекцияда бычакталган Асел

20-сентябрда коомчулукка Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун, ошондой эле бетин кескилеп салган Асел Ногойбаева тууралуу белгилүү болгон.

Жабырлануучу мурдагы күйөөсү «зордуктаганына» арызданып, окуяга чейин милицияга бир нече жолу кайрылганын айткан. Ага карабастан Сокулук райондук соту шектүүнү пробациялык көзөмөл менен бошотуп салганы ачыкталган.

Аталган окуя милиция жана судьялардын ишине карата сынды күчөткөн. Кийинчерээк Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков баш болгон соттор кеңеши райондук соттун судьясы Токтомаматов К.Ж. жумуштан бошотууну президентке сунушташкан.

Врачтар аялдын өмүрүн сактап калыш үчүн сегиз саатка чукул операция жасашкан. Бир айдай ооруканада жаткан Ногойбаева жакында гана үйүнө чыкты. Ага дагы бир нече операция жасалышы керектиги айтылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте күйөөсү кескилеген Асел Ногойбаевага арналган иш-чара өттү

WPS индекси: Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу өлкө бойдон калууда