Кадырбек Атамбаев тыюудан улам Стамбулга учуп кете алган жок

«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев бир сутканын ичинде эки жолу өлкөдөн чыгып кете албаганын билдирди.

«Бүгүн Стамбулга учпастан, “Манас” аэропортунун милиция бөлүмүнүн темир тору артында калдым», — деди ал.

Атамбаевдин айтымында, адвокаты анын өлкөдөн чыгуусуна салынган тыюуну алып салууну алдын ала эле талап кылган. Ал тыюу бир ай мурда, сот аяктагандан кийин дароо эле алынышы керек болгонун белгиледи.

Атамбаев ошондой эле социал-демократтардын ишинде ал күбө катары гана өткөнүн кошумчалады.

«Мурдагы күнү тергөөчү тыюуну бир күндүн ичинде аларын билдирген. Бирок буга анын укугу бар экенине карабастан, кечээ күтүүсүздөн “жетекчилигине” шылтап койду. Аэропорттун кызматкерлери өлкөдөн чыгууга салынган тыюуну 15 мүнөттө эле алып койсо болорун айтып жатышат», — деди Атамбаев.

Былтыр 13-ноябрда — шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого бир нече күн калганда милиция «Социал-демократтардын» Бишкектеги кеңсесин тинтүүгө алган. Андан кийин партия лидери Темирлан Султанбеков жана анын партиялаштары Ирина Карамушкина менен Роза Турксевер добуш сатып алуу иши боюнча камакка алынган. Мындан улам партия Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтетилген.

Февралдын аягында бул ишке байланыштуу сот жараяндары жабык өтүп, ЖМКлар катышкан эмес. Кийинчерээк социал-демократтарга карата добуш сатып алуу менен катар эле алдамчылык жана шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин бузуу айыптары да коюлганы белгилүү болгон.

24-апрелде сот Султанбековду, Карамушкинаны жана Түрксеверди үч жылдык пробация менен бошоткон.