Орусиялык депутат Сергей Миронов мигранттарды Орусияга кирип жатканда төрөт жана кош бойлуулук боюнча ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу көрсөтүүгө милдеттендирүү керектигин билдирди.
Ал мигранттар үчүн камсыздандырууну жумуш берүүчү да сатып берсе болорун, «бирок чет өлкөлүктө полистин ал чек арадан өтүп жатканда болушу маанилүү экенин» кошумчалады.
«Алар камсыздандыруу полисин бул жакка келе электе эле, орусиялык камсыздандыруу компанияларынын мекениндеги бөлүмдөрүнөн сатып алса ыңгайлуу болот. Бул кадимки эле эл аралык тажрыйба. Биз эмнеге жарандарыбыздын социалдык төлөмдөрүнүн эсебинен болуп көрбөгөндөй жоомарттык кылып, мындан башка бир жол менен барышыбыз керек?», — деди Миронов.
Ал арада Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов бул демилге болгону «негизги көйгөйдөн алаксытуу» экенин билдирүүдө. Анын пикиринде, мигранттардын медициналык кызматтарды жана социалдык төлөмдөрду алуусуна байланышкан маселени комплекстүү түрдө чечүү зарыл.
Адвокат Александр Почуев депутаттын сунушун — «экстремисттик болбосо да, бери дегенде эле популисттик» сунуш деп эсептейт. Ал мындай демилге адамдын конституциялык укуктарын бузарын белгиледи.
Юристтин айтымында, мигранттардан медициналык камсыздандыруу талап кылуу — «айрым категориядагы адамдарды акысыз медициналык жардам алууга болгон конституциялык укугунан ажыратат» жана Орусиянын келечектеги жарандарынын укуктарын бузат.
«Бир катар шарттар аткарылган учурда, Орусияда төрөлгөн чет өлкөлүктөрдүн балдары жарандык алуу укугуна ээ болушат», — деди Почуев.
145тен кем эмес адамдын өмүрүн алган Подмосковьедеги «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракттан кийин Орусиянын дээрлик бардык аймагында борбор азиялык мигранттарга карата агрессия күчөгөн. Мигранттар жапырт түрдө кармалып, көбү өлкөдөн чыгарылган. Теракттан кийин Кыргызстан ТИМи өз жарандарын өтө зарылдык болбосо, Орусияга барбай турууга бир нече жолу чакырган.
Кыргызстан ТИМинин 2025-жылдын башындагы маалыматына ылайык, Орусияда 376 миңден ашык кыргызстандык миграциялык каттоодо турат.