ЖМК: Айтматов проспектисинде жеке үйлөрдүн тосмолору бузулууда

Бишкектин Айтматов проспектисин кеңейтүү үчүн аймактагы үйлөрдүн тосмолору бузулууда. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, бузуу иштерин шаардык кызматтар жүргүзүүдө.

«Жеринде Милициянын кайгуул кызматкерлери жүрөт. Алар тургундарды өткөрбөй, бузуу иштери жүрүп жаткан тилкени курчап турушат», — деп жазды басылма.

Азырынча Бишкек мэриясы бул боюнча комментарий бере элек.

Шаар бийлиги президенттин «Ынтымак Ордо» кеңсеси жайгашкан Айтматов проспектисин алты тилке кылып кеңейтүүдө. Бул үчүн мэрия жол боюндагы теректерди кыйып, бир катар үйлөрдүн курулмаларын бузууну чечкен.

Кеп «Киргизия-1» конушундагы 30 үйдүн жер тилкелери жөнүндө болууда. Мэрия алар «кызыл сызыкка» чыгып кеткенин билдирүүдө. Тургундар аларда менчик укуктарын ырастаган бардык документтер бар экенин айтып, мыйзам боюнча жашоочуларга кенемте төлөнүшү керек экенин билдирүүдө.

Кийинчерээк мэрия тургундарга жолду кеңейтүү үчүн алына турган жер үчүн башка райондон жер тилкесин сунуштаган.