Сот Карабаевди үч жылдык пробация менен бошотту

27-майда Биринчи май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация жазасын чегерди.

Прокурор соттон Карабаевди жети жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Адвокат Акмат Алагушев Карабаевдин күнөөсү далилденбегенин айтып, өкүм боюнча даттана тургандыктарын билдирди.

«Мен эч качан жапырт башаламандыктарга жана бийликти басып алууга чакырык жасаган эмесмин. Балким, кимдир бирөөнүн намысына тийип алгандырмын — эгер ошондой болсо, кечирим суроого даярмын. […] Бирок соттон мени актоону өтүнөм», — деди Карабаев.

Ал ошондой эле тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирди. Анын айтымында, жети жыл жаза сураган прокурордун «кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болушу мүмкүн». Карабаев кылмыш иши ага саясий негиздер менен ачылган чуулгандуу иштер боюнча «УКМКга керектүү» экспертизаларды жазып бербегени үчүн козголгон деп эсептейт.

УКМК Карабаевди «бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө» жана «жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо» айыптары менен былтыр июлда кармаган. Адвокаттары ага экспертизанын корутундусун күч түзүмдөрүнүн каалоосундай кылып жазып берүүдөн баш тартканы жана кесиптештерин сындаганы үчүн иш козголгонун айтышкан.

Карабаев ТИЗОдо төрт ай отургандан кийин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.

Кыргызстанда күч түзүмдөрү соцтүйүндөрдөгү билдирүүлөрү үчүн журналисттерге, укук коргоочуларга же активдүү жарандарга кылмыш ишин козгоо үчүн илимдер академиясынын кызматкерлеринин экспертизаларын колдонушат. Укук коргоочулардын маалыматына ылайык, ал экспертизалар өлкөдөгү сын-пикирлерди басуунун куралдарынын бири катары пайдаланылат.

Карабаевдин иши тууралуу кененирээк бул жерден окуңуз.