28-майда УКМКнын кызматкерлери «Клооптун» үч журналистин жана басылманын мурдагы бир кызматкерин суракка алып кетишкен. Аларга адвокаттарды киргизбей жатышат — бул коргоого болгон укуктарды чектөө болуп эсептелет.
«Клооптун» эки журналистинин — Ошто Зыягүл Болот кызынын, Бишкекте Александр Александровдун үйлөрүндө тинтүү жүргөнү белгилүү. Укук коргоо кызматкерлери алар менен кошо бардык техникаларын да алып кетишкен.
«Клооптун» журналисти Айдай Эркебаева аны суракка алып кетишкени тууралуу кабарлоого жетишкен эмес, ошондуктан анын үйүнүн тинтүүгө алынган-алынбаганы белгисиз.
Мындан тышкары «Клооптон» 2023-жылы кеткен Зара Садыгалиева да УКМКга суракка жеткирилген.
Сурактар менен тинтүүлөрдүн себептери, ошондой эле кармалгандардын макамы белгисиз.