Силер дос эмессиңер. Ринат Тутхватшындын колонкасы

Урматтуу президент Жапаров! 

Биз сизге «Клоопту» куугунтуктоону токтотуңуз деген талап менен кайрылсак деле болмок. Бирок, анын мааниси деле жоктой. Анткени эркин басма сөздүн, жарандык коомдун, ал гана эмес өз жарандарыңыздын пикирине дагы көңүл кош экениңизди жашырган жоксуз — эл аралык коомчулуктун реакциясын сөз кылбай деле койсок болот. 

Ошентсе да, сиз көңүл кош карабай турган бир тема бар: бул сиз. Ошондуктан дагы бул колонка «Клооп» эмес, сиз жөнүндө. Тагыраак айтканда — сиздин башыңыздан айлана баштаган «кара булут» жөнүндө. 

Биздин өлкөдө репрессиялар болуп жатат. Бир жагынан алганда, буга сиз күнөөлүсүз. Экинчи жагынан, балким — өлкөнү тоталитаризмди көздөй кулатпай кармап калчу жалгыз адамсыз. Анткени, канчалык парадокс сезилбесин, бүгүн сизге ыңгайлуу болгон репрессиялар, кийин кайра өзүңүзгө каршы иштеши мүмкүн. 

90-жылдардын аягында, мен №37 мамлекеттик мектепте сегиз же тогузунчу класста окуп жүргөндө, 486 Hewlett-Packard фирмасынын компьютерлери менен жабдылган класс бар болчу. Биз алгачкылардан болуп тармактык оюндарды ойноп баштаганбыз, анын ичинде Warcraft 2 стратегиялык оюну дагы бар эле. Оюндун негизги мааниси — база түзүп, аскерлерди күчтөндүрүп, анан душмандар менен салгылашуу. Класста ондон ашык компьютер бар болгондуктан ар ким өзүнүн базасын түзө алчу. 

Бир жолу досум экөөбүз эки классташыбызга каршы ойноп, аларды утуп жатканбыз. Досум менин базамдын жанына коргоочу мунараларды курган. Биз душмандарыбызды жеңген соң, досум эми экөөбүз бири-бирибизге каршы ойнойлу деген сунуш киргизип, оюндун жөндөөлөрүн өзгөртүп, «союздаштар» деген желекти алып салды. Натыйжада мунаралар менин базама сокку уруп, саналуу мүнөттүн ичинде менин аскерим жана базам жер менен жексен болду. 

Азыр күлкүлүү угулганы менен, ошол кезде аябай ичим күйүп, мени сатып кетишкендей сезим болгон. 

Бул мага союздашың душманга айланса кандай абалда калышың мүмкүн деген чоң сабак болгон. 

Сиздин дагы союздашыңыз бар — Камчыбек Ташиев, УКМК төрагасы. Акыркы убактарда, өзүңүз деле байкаган чыгарсыз, ал киши тымбай эле «мунараларды» куруп атат, дээрлик ар бир айылда УКМКнын жаңы имараты ачылып баштады. 

Анан менде бир суроо пайда болду: эгер союздашыңыз сизге каршы ойноп баштаса кандай чара көрөм деп алдын алдыңызбы? Азыр ал киши түптөп жаткан репрессиялык аппарат аныгында кимге баш ийет — сизгеби же Ташиевгеби? Эгер Ташиев сиз менен мындан ары союздаш эмеспиз деп чечсе, мындай күчкө туруштук бере алчу айла-амалыңыз барбы? 

Эмнеге сизге дос эмес 

Сиздер Ташиев экөөбүз дос жана союздашпыз деп келесиңер. Бирок, силер дос эмессиңер. 

Сиз — жетекчисиз, сизди Кыргызстандын эли легитимдүү деп бекиткен. Болбосо, 2021-жылы сизге жалпы калктын 20%га жакыны добуш берген, шайлоого келгендердин арасында бул 70% болчу. Добуш берүүдөгү негизги байкоочу уюм катары «Клооп», мыйзам бузуулар болгону менен статистикадан алганда, бул жыйынтыкка таасир берген эмес деп айта алабыз. Сиз — Кыргызстандын легитимдүү президентисиз. 

Ташиев — өзүңүз отставкага кетирмейин сиздин кол алдыңызда иштеген, элге кызмат кылган адам. Шарттуу алганда, ал саясаттан кетти, анын партиясы жергиликтүү кеңештин шайлоосуна дагы катышпай калды. Ташиев эл тандаган өкүл эмес, сиз каалаган учурда иштен кетире ала турган чиновник. 

Бирок анын кылган иштерине, анын ичинде репрессияларга дагы жооп бере турган өзүңүзсүз. Маселе мына ушунда. Конституцияны өзүңүз өзгөрткөнсүз, азыр өлкөдө баарына жооп бере турган сизсиз. Ташиевдин тапшырмасы менен өлкөдө чалмакейди чалып аткан УКМКнын кылыгына да жооп бере турган адамсыз. 

Теориядан алганда, Ташиевди жумуштан кетирүү менен бул маселени чечип деле койсоңуз болот дечи, албетте. Негизги маселе: иш жүзүндө буга эркиңиз жетеби? Ким билет, балким азыр артка жол калбай калган чыгар. 

Мени жана башкаларды тынчсыздандырган суроо: өлкөдө дегим башчы? Эл шайлаган президентпи же эл добуш бербеген, бирок президент кызмат берген чиновникпи? Таптакыр түшүнүксүз, ошого да элге кызык. 

Чынымды айтсам, сизди да, Ташиевди деле кичине аяп кетем. Тарапташтарыңар өз ара тирешип, бажы баштаган акчалуу жерлерди бөлүшүп жатканын билип турсаңар дагы, бири-бириңерди колдон бекем кысууга аргасыз экениңерди элестетип… Ар күнү таң атканда жылмаюуга аргасыз болосуңар, анткени эртең менен бирөөңөр күлбөй калсаңар, экинчиңер ойгонбой калышыңар мүмкүн. Коркунучтуу фильм сыяктуу. Же жолборс менен кайыкка түшкөндөй, ким жолборс экенин айтуу кыйын. Мындай абалда жашоо кыйын экенин жакшы түшүнөм.  

Албетте, буга макул болбой, биздин мамилебиз сонун, доспуз, бири-бирибизге кепилдик бергенбиз дешиңиз мүмкүн. Балким, өз ара компроматтарыңыздар дагы болушу мүмкүн. Бирок заманбап кыргыз саясатынын тарыхы — бул сатып кетмейлердин тарыхы. Бакиев менен Кулов, Атамбаев менен Жээнбеков, ошол эле Ташиев — Бабановду эстеп көрүңүз. Атамбаев керек болсо Жээнбеков үчүн Казакстан менен кер-мур айтышкан болчу, акыры өзүн абакка салды. Мындай тарыхтан сабак алыш үчүн, бир эле сценарий канча жолу кайталанышы керек? 

Ким биринчи сатып кетет? 

Элестетсеңиз, урматтуу президент, камактагылардын классикалык диллемасын. Эки дос изоляцияда отурат. Эгерде эч ким көрсөтмө бербесе экөө тең кыска мөөнөткө кесилет. Эгерде бири экинчисин сатып кетсе, аны дароо бошотушат. Берки 10 жылга соттолот. Бул шарт ар бирине белгилүү. 

Окуя эмне болуп аяктайт? 

Урматтуу президент Жапаров, журналист катары, жазып жаткан адамдарымды түшүнүүгө аракет кылам. Ташиев мырза экөөңөрдүн окуяга байкоо салып жатып, өзүмдү сиздин ордуңузга коюп көрдүм. Аябай эле кыйын экен. 

Аялы түрмөдө, өзү куугунтукта жүрүп иштеп жаткан Болот Темировдун көзү менен дүйнөгө көз салуу — оор, жүрөк тилинет. Бирок дүйнөнү сиздин көзүңүз менен караганда, мен эмне кыларымды билбей калдым. 

Ташиев мырза экөөңөрдүн ортоңордогу абалдын эң жаман жери, кимдир бирөө сатып кетсе эмне болот деген ойдо эмес — экөөңөр тең буга даярданганыңарда.  

Маселенин баары, ким биринчи сатып кетсе, ошого бардык артыкчылыктар тиеринде. Бир күнү иш бөлмөңүздө отурсаңыз, дагы бир күнү — камакка алынып, же кармоо учурунда ок жеп каза болушуңуз ыктымал. Анткени мындай да кээде болуп турат. Анан да, сизди эч ким коргой албайт. Ташиевдин деле абалы ушундай: бүгүн УКМК төрагасы, эртең — камактагы киши. 

Ким биринчи жүрүш кылса, ошол партиядан утуп чыгат. Узакка созулган деле күрөш жүрбөйт. 

Биринчи кадам жасай тургандын капшыты кандай чоң экенин түшүнүп жатсаңыз керек? Эстүү киши болгон соң, биринчи кадам жасаган адамдын колуна тийчү артыкчылыкты өзүңүз да жакшы билесиз. 

Баарынан дагы коркунучтуусу — бул артыкчылыктарга күтүүсүз жасалган, ыкчам чабуул менен гана жетсе болот. 

Таасириңер көп тармакта конфликт башталганын кимиңер биринчи сезсеңер, ошол дароо реакция кылууга аракеттенет — аракет кыйратуучу күчкө ээ болот. 

Ошондуктан экөөңөр тең болушунча сылык, сак болуп, дистанцияны кармап, чагымчылдык кылбашка аракет кыласыңар. 

Мындан улам, ортоңордо аябай ысык мамиле бардай сезилет. Бул ынактык — кыйроонун алдын алуунун айласы.  

Бирок, элестетсеңиз, сиз же Ташиев саткындыкты пландаган болсо, ушундай эле болмок — биз жакын досторбуз деп далилдемек. Бул чын жүрөктөн да болушу мүмкүн, балким тек гана оюн — экөөнү айырмалоо дээрлик мүмкүн эмес. 

Ичкериде отурганда, сырттан бирөөнүн дабышы чыкса, мени кармаганы, камаганы, өлтүргөнү спецназ келдиби деген ой болбойбу? Же болбосо, түндө резиденциянын эшигин бирөө какса, кандай сезим болот? Ар бир жолу жүрөк болк дебейби? 

Ал арада Ташиев УКМКнын репрессия кылган аппаратын тыкыр көзөмөлдөп, өлкө боюнча жаңы кеңселерди ачып, кандай буйрук бербесин да аткара ала турган мүмкүнчүлүгүн даңазалап жатат. 

Кармоо учурунда өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин тагдыры буга далил боло алат. 

Сизди көз карандысыз сот жана күчтүү жарандык коом гана коргой алат 

Эми эмне кыласыз? Чынын айтсам, Ташиевди иштен кетире албайсыз деп ойлойм — тобокелдиктер чоң, коргоп кал деп кайрылчу деле эч ким жок. Орусия? УКМК кызматкерлеринин жарымы (балким баары) — ФСБ академиясынын (Федералдык коопсуздук кызматынын) бүтүрүүчүлөрү. Батыш, алар Ташиевди болочок же балким азыркы президент катары карап жатышы мүмкүн. Элби? Чынын айтканда, эл кимиңерди көбүрөөк колдой турганын айтыш кыйын. 

Жалгыз ишенээриңиз — демократиялык институттарды коргоп калыңыз. Ошолор гана бийлигинен кол жууган мурдагы лидерди коргой алышат. Өзүңүздүн конституцияңыздагы кеңейтилген президенттик ыйгарым укуктарыңызды колдонуудан баштаңыз. Саясий туткундарга ырайым берип, өкмөттү сындаганы же конституциялык укуктарынан пайдаланганы үчүн камалгандарды абактан чыгарыңыз. УКМК Ташиевдин буйругу менен адамдарды четинен камаганга көнүп алса, сизди кармагыла деп буйрук алса эмне болот? 

Колуңузда аз-маз бийлик турганда, өзүңүздү коргой турган институттардын кайра жаралуусуна салым кошуңуз. Мисалы, сиз сот бийлигин эсиңизден чыгарып койдуңуз, бул жаңылыштык. Өзүңүзгө дагы баш ийбей турган судьяларды дайындаңыз. Бул тең салмактуулукту кармап, сот адилеттүүлүгүн камсыздап, сизди болочок лидерлердин таасиринен коргойт. Мындай кадам узак убакытка сиздин коопсуздугуңуз менен эркиндигиңиздин кепилдиги боло алат. 

УКМКны бөлүп, коррупцияга каршы күрөшүү кызматын чек ара кызматынан ажыратыңыз. Ар ким өзүнүн түз милдетин аткарганы жакшы. Азыр УКМКнын ыйгарымдары өтө эле чоң болуп кеткен. УКМК төрагасы сойкулук, дарт аныктоочу лабораториялар тууралуу сөз сүйлөп, бизнестин иштерине аралашканы кандай? 

УКМК — бул жара. Анын дарысы — биз эмес (акындар, журналисттер, укук коргоочулар жана ак менен караны ажырата алган катардагы чынчыл адамдар эмес) — сиз. 

Биз, бизди кыйратуу үчүн ушунчалык сүрдүү репрессиялык «куралды» түптөгөнчөлүк күчтүү эмеспиз. Бул «курал» сизге каршы салгылашуу үчүн пайда болду. 

УКМК бийликке мурда-кийин жакын жүргөн адамдардын эсебин тапканды адатка айлантты. Токмоктун мэри Ташиев катышып отурган жыйында кармалды. Экс-депутат Канатбек Исаевдин уулун ФСБ Академиясындагы окуусунан айдап салышты — тек гана Исаевдин уулу болгону үчүн. Ташиев муну менен сыймыктанган сыяктуу. Тажикстан менен чек араны демаркациялоо темасында Ташиев менен сөз талаша коем деп депутат Айжигитов мандатынан айрылып, кийин аялы экөөнү тең кармап, сабап салышты. 

Бул окуялардын баары бир түйүнгө чогулгандай элес калтырат. Кийинки кезекте сизди камакка алышса, кыргыз коомчулугу буга таң калбай деле калабы деп чочулайм. Анткени ал Ташиев, ага баары жарашат. 

А бирок бул торду жаюуга сиз жардамдашкансыз, «мунараларды» кур деп өзүңүз уруксат бердиңиз. Азыр сизди коргоо үчүн курулган «мунаралар» өзүңүзгө каршы сокку урушуна бир кадам калдыңыз.