Кыргызстанда электр жарыгынын таңкыстыгын адатта ГЭСтерде суунун аздыгы менен байланыштырышат жана бул чындык. Дагы бир себеби: чакчелей курулуштар. Жаңы электростанциялар курулганча эле, миңдеген көп кабаттуу үйлөр эксплуатацияга берилип жатат. Мунун кесепети, суткалап жарыксыз калган карапайым тургундарга тийип жатат. 

Кыргызстандын энергосистемасын веердик өчүрүүлөр менен сактоо мүмкүн болбой калды. Азыр тургундар колдонгон электр кубатын 5 киловаттан 3 киловаттка азайтышты. Эми тургундарга таң эрте жана кеч курун тиричилик техникасын сайбагыла деп кеңеш беришүүдө. Соцтармактарда чай кайнаталы десе жарык жалп ө чкөнү жөнүндө видеолор жайнап кетти. Президент Садыр Жапаров болсо элди «чыдап койгула» деп суранып жатат

Энергетикадагы тартыштыктын эң жогорку кубаттуулугун тартыштыгын энергетика министри Таалайбек Ибраев 500 мегаватт деп баалайт

Бул дефицитти 2,5 — 3 жыл аралыгында, жаңы электростанциялардын эсебинен жабуу пландалууда. Ушул тапта өлкө боюнча 100гө жакын чакан ГЭС курулуп жатат. 2028-жылы алар кошумча 400 МВт бериши керек. Андан тышкары, Кара-Кечеде кубаттуулугу 1200 МВт болгон көмүр ЖЭБинин курулушу башталган. Ал жылына 7 миллиард кВт/ саат иштеп чыгары айтылууда. 

Бирок керектөө андан озуп кетти. 2025-жылдын тогуз айында эле колдонуу 1 млрд кВт/саатка жогорулаган. Мунун себептеринин бири массалык курулуш иштери — бул жагдайды президент Садыр Жапаров өзү дагы мойнуна алган

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК), бир эле учурда, жалпы аянты 4 миллион чарчы метрди түзгөн 925 үй куруп жатат. Эл аралык энергетикалык агенттиктин Кыргызстан боюнча ортолотулган маалыматына таянсак, колдонууга берилгенден кийин бул үйлөр жылына 440 млн кВт/саат жарыкты керектейт. Чакан гидроэлектростанциялар да 2028-жылы болжолу ушунча энергия иштеп чыга баштайт. 

Демек, чакан ГЭСтер бере турган энергиянын баары МИКтин үйлөрүнө кетет. 

Жүктөм чегине жеткен учурда — тургундар иштен кайтып, чай коюп, кир жууган машинени иштетип, жылыткычтарын сайып, меш жакканда шаардагы дефицит ушундай эле болот — балким мындан дагы оор абал жаралат. 

Ал эми Кыргызстанда болсо электр энергиясын иштеп чыгуу жылдан жылга азаюуда. 

Электр энергиясын иштеп чыгуу
Жылдар
Улуттук статкомдун расмий маалыматына ылайык

 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев бир жылдык дефицит 3,23,9 млрд киловатт/саат деп бааланганын маалымдаган. Бул таңкыстыкты жабуу үчүн бийлик чет өлкөдөн электр жарыгын сатып алат. Бул көйгөй аткаминерлерге ушунчалык оор сезилип, 2024-жылдан тартып электр энергиясын иштеп чыгуу жана импорттоо боюнча маалыматты жашыруун кылып коюшкан.  

Бирок, электростанциялар — иштин жарымы эле. Энергияны колдонуучуларга жеткирүү деген бар. Ал үчүн бардык жерде эле электр тармактары даяр эмес. Аларда модернизациялоо аракети кээде чуулгандуу афералар менен коштолот. Мисалы «Камбар-Ата 2», анда кубаттуулукту бирдиктүү тармакка кошуу үчүн жаны инфраструктуранын ордуна майнинг-ферма курулган

Турак-жай — негизги керектүүчүлөр  

Газдаштыруу анча кеңири тараган эмес, ал эми электрдин баасы КМШ боюнча эң арзан болгондуктан, кыргызстандыктар көбүнчө жылытууга электр жарыгын колдонот, башка өлкөнүн тургундарына караганда кыйла эле көп сарптайт. 

2020-жылы өлкө боюнча колдонулган электр энергиясынын 76% үй чарбаларына жумшалган

Бул жылына чарчы метр үчүн 110 кВт/саат чамалуу.* Орусия жана Казактсанда турак үйлөр мунун жарымынан аз жагышат

*Улуттук статкомдун маалыматына караганда, 2020-жылы турак жай фондунун жалпы аянты 85 млн чарчы метрди түзчү. Ошол жылы үй-чарбаларынын сарптоосу 9,32 млрд киловатт/саат болгон. 

Керектөөчүлөрдү бөлүштүрүү
Турак-үйлөр
Башка керектөөчүлөр

Керектөөнү азайтууга деле мүмкүнчүлүк бар: тарпы чыккан электр тармактарын, теплотрассаларды жаңылап, совет доорунда курулган үйлөрдү жылуулап, андагы жылыткычтар менен айнектерди алмаштыруу керек. 

Бирок, анын ордуна МИКке көзөмөл кылган президенттин Иш башкармалыгы улам сайын электрге муктаж болуучу жаңы үйлөрдү эксплуатацияга берип жатат. 

2026-жылы бир жаңы үйдү камсыздоо үчүн эле 700 млн кВт/сааттан ашык электр энергиясын иштеп чыгып же сатып алуу керек. 

Кыргызстанда электр энергиясы көптөн бери жетишсиз: мөңгүлөр эрип, ал эми калктын саны көбөйүп жатат. Бийлик маселени чечүүгө аракет кылбайт деп айтууга болбойт. Тарифти көтөрүп, газ тартып келүү иштери жүрүп жатат. 

Бирок бизде газ Казакстанга салыштырмалуу 5 эсе, Орусияга караганда 2 эседен ашык кымбат. Ал эми биздин жарандар казакстандыктарга караганда 1,7 эсе, орусиялыктардан эки эсе аз айлык алышат. 

Борбордук жылытуу бизде начар иштейт. Эми электр жарыгы да кымбаттаса, жер тамды көмүр жагып жылытса болот, болбосо көмүр да кымбат. Ал эми батирлерди кантип жылытыш керек — өзгөчө газ мештери жок жаңы кабат үйлөрдө?  

Газдын баасы жана орточо айлык (USD)
Кыргызстан
Казакстан
Орусия
«Клооптун» эсептөөлөрү

Ооба, совет мезгилинен бери Кыргызстанда мынча көп турак үйлөрдүн курулушу болгон эмес. Бул жагы жетишкендик. Бирок алдын ала даярдык көрүү керек болчу: Казакстандагыдай кылып жаңы электростанцияларга инвестиция тартып, тармактарды жаңылап, эски турак жай фондун жылуулаш керек эле. Андан соң гана, бош жердин баарына бийик-бийик кабат үйлөрдү курса болмок. 

Бирок бизде тескерисинче, анткени ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунан Жапаров менен Ташиевдин жакын адамдары акча табышууда. 

Ушул эле кишилер ГЭСтин айланасында дагы акча табышууда. Бирок электрстанциялары 6-8 жылда өзүн актаса, сатылган батирлер — дароо эле актайт. Ошондуктан дагы бийлик арабаны аттын алдына коюп, анын азабын карапайым эл тартып жаткандай.