2025-жылы декабрда Транспорт министрилиги жаңы, дымактуу долбоор тууралуу жарыялаган — Төө-Ашууга 640 млн долларга «Келечек» деп аталган акы төлөнүүчү тоннель курмак болгон. Тоннелдин курулушун төрт компания алган, төртөөнүн экөө УКМКнын экс-төрагасына байланышы бар. Ушул макулдашууга мамлекеттин атынан кол койгон министрди болсо президент Жапаров Ташиев отставкага кетери менен дароо жумуштан алган.

Өткөн жылдын аягында Транспорт министрлиги Төө-Ашууга баасы 640 млн доллар деп саналган «Келечек» жаңы тоннелин куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Долбоорго узундугу 11,5 км болгон тоннелдин өзү, аны камсыздай турган эки гидроэлектростанция жана жол акысын чогултуучу пункттар кирген. Мунун бары компаниялардын консорциуму тарабынан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору аркылуу курулуп, ал эми курган тарап тоннелди 49 жыл пайдаланмак болгон.

Консорциумга төрт компания кирет — «Тез жол», «Железобетон Строй», «Нур Капитал» ЖЧКсы жана «Кыргызгидроспецстрой» ААКсы. Бул компаниялардын экөө УКМКнын экс-башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындары менен байланышы бар.

Жаңы түзүлгөн компания — бирок ири долбоорлорго ээ

Консорциумду жетектеген 2023-жылдын аягында пайда болгон «Тез жол» компаниясы. Кечээ эле ачылганына карабай, компания ири мамлекеттик долбоорлордо тажрыйба топтогон. «Тез жол» — Өзгөндөгү акы төлөнүүчү айланма жолдун курулушунун негизги жалданмачысы — дал ушул жолдун курулушун ошол кездеги УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тик учак менен көзөмөлдөп турган.

«Тез жолдун» ийгилигинин сыры жөнөкөй эле: кечээ жакында эле негиздөөчүсү Ташиевдин уулу Тай-Мурас болчу.

Юстиция министрлигиндеги юридикалык жактардын реестринде «Тез жол» боюнча маалыматтын скриншоту «Азаттыктын» материалында колдонулган.

Өзгөндөгү айланма жолдун курулушундагы экинчи жалданмачы компания — «Жагалмай» — бул дагы Ташиевдин уулу Тай-Мураска байланышы бар. Компаниянын негизги кожоюну Тай-Мурас Ташиев эмес, бирок негиздөөчүлөрдүн курамында ага таандык «Гранд Холдинг» компаниясы бар. Ал эми «Грант Холдингдеги» анын өнөктөшү Бакиев заманындагы экс-транспорт министри Нурлан Сулайманов.

Нурлан Сулайманов

2010-жылы Сулайманов ташиевчил «Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. Бирок парламентте көпкө отурган эмес: 2012-жылы тендер өткөрүүдө өзүнө жакындыгы бар компаниялардын кызыкчылыгын сүрөмөлөдү деп айыпталган. Кылмыш иши козголуп, бирок Сулайманов тергөөдөн качып, дарылануу үчүн Германияга учуп кеткен. Ошентип жети жылдан кийин, иштин мөөнөтү эскирип, акыры кыскартылгандан кийин гана Кыргызстанга кайтып келген.

2021-жылы Сулайманов минкабдын мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган. Ал эми баласы Элдар Сулайманов 2021-жылы декабрда Камчыбек Ташиевге байланышы бар деп саналган «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан парламентке депутат болгон.

Камчыбек Ташиев

Акыркы чакырылышка 2025-жылы ноябрда, Ош облусундагы №5 шайлоо участкасынан шайланган. Ал эми 2026-жылы февралда, Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди УКМК төрагасы кызматынан алганда, Элдар Сулайманов өз ыктыяры менен мандатын тапшырып берген.

Сарсейитов жана «Электр станциялары»: мамлекеттик долбоордогу туугандык байланыштар

Исланбек Сарсейитов

«Кыргызгидроспецстрой» — 640 млн доллар турган «Келечек» тоннелин куруучу консорциумдун дагы бир мүчөсү. Энергетика тармагындагы эксперт Расул Умбеталиевдин маалыматына караганда, бул компаниянын ошол кездеги башкы директордун биринчи орун басары Исланбек Сарсеитов менен катыштыгы болгон жана «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын мамдолбоорлоруна катышкан. Ошондой эле, «Электр станцияларынын» долбоорлоруна жогоруда аты аталган «Жагалмай» компаниясы дагы аралашкан. Бул жөн гана дал келүү деп айтуу кыйын.

Анткени «Жагалмайдын» негиздөөчүлөрүнүн арасында Зайырбек Сарсейитов — «Электр станцияларынын» башкы директорунун мурдагы биринчи орун басары Исланбек Сарсейитовдун атасы дагы бар. Ал эми жетекчиси катары — анын уулу Рыскулбек Зайырбеков көрсөтүлгөн. Зайырбеков өзүн «Кыргызгидроспецстрой» ААКнын акционеримин деп атап келет.

Мындай туугандык байланыш болгон жерде бизнеске кирешелүү «подряддарга» ээ болууга шарт түзүлөт. Энергетика тармагындагы эксперт Расул Умбеталиев «Жагалмай» компаниясы мурда «Электр станциялардын» өтө кымбат долбоорлорунун бирине — Камбар-Ата ГЭС-2нин жанындагы айланма каналдын курулушуна катышканын бир нече жолу айтып чыккан. Бул канал эгерде тоолордо көчкү жүрүп, Нарын дарыясынын агымын бөгөп кала турган болсо, ГЭСтин дамбасын ыктымал гидрочабуулдан коргоо үчүн керек.

Каналдын курулушу 2016-жылы башталган — негизги жалданмачы «Нарынгидроэнергострой» ААКсы. Умбеталиевдин айтымында, курулуштун субжалданмачысы «Жагалмай» компаниясы. Бейрасмий маалыматарга караганда, каналдын курулушуна 200 млн сомго жакын каражат сарпталган, бирок курулуш акырына чыккан эмес. Муну 2018-жылы журналисттерге энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев айтып берген.

«Электр станциялары» Камбар-Ата ГЭС-2 үчүн айланма канал курууда «Нарынгидроэнергострой» ААК менен чындап эле келишим түзүлгөнүн тастыктаган. Бирок, ошол эле учурда, «Жагалмай» ЖЧКсы менен түздөн-түз эч кандай келишим болбогонун айтып жатат.

Осмон Качкынбаев

Ал эми 2022-жылы Умбеталиев УКМКнын Жалал-Абад башкармалыгы «Электр Станцияларынын» экс-директору Осмон Качкынбаевге жана «Жагалмай» компаниясынын жетекчилигине кылмыш ишин козгогонун айтып чыккан. Умбеталиевдин айтымында, алар Камбар-Ата ГЭС-2ден 7 км өйдө айланма каналды курууда каражатты кымырып алууга айыпталган.

Умбеталиевдин маалыматына таянсак, алгач тергөө келтирилген зыяндын көлөмүн 118 млн сом деп эсептеген, бирок кийин ал 70 млн сомго ылдыйлаган. Ошондой эле ал, кылмыш иши боюнча айыпталгандар зыяндын көлөмүн жарым-жартылай толтурганы менен, кылмыш иши токтотулбаганын кошумчалаган.

Бул «Жагалмай» менен «Кыргызгидроспецстрой» кездешип жаткан жалгыз долбоор эмес. Мисалы, 2021-жылы мартта компаниялар Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунун курамына кирген Кочкор — Эпкин тилкесинин курулушуна консорциумга субжалданмачы болуп киришкен. Консорциумдун лидери — «Жагалмай» компаниясы.

2023-жылы УКМК Айыл чарба министрлигинин суу ресурстарын пайдалануу башкармалыгынын кызматкерлерине иш козгогон. Күч органдарынын маалыматына караганда, башкармалыктын чиновниги суу тосмосун куруп жаткан жалданмачыларга техкөзөмөл тастыктабаган иштер үчүн 50 млн сом которгон. Бул жалданмачылардын арасында «Жагалмай» компаниясы дагы болгон. Мындан тышкары, УКМК жалданмачылар аткарган жумуштун сапаты техникалык ченемдерге жана курулуштун эрежелерине шайкеш келбегенин баса белгилеген.

Ошол эле жылы Жалал-Абад облусунун прокурору «Жагалмай» уруксат документтери жок туруп чачыранды алтын чыккан кен жайды иштетип жатканын билдирген.

2023-жылы майда «Жагалмайдын» жалгыз кожоюну Зайырбек Сарсейитов болчу. Бир катар мыйзам бузуулар тууралуу айтыла баштаганда, 2024-жылы февралда «Жагалмай» кайра каттоодон өткөн. Ошол эле жылы күзүндө ЖМКлар «Жагалмайдын» негиздөөчүлөрүнүн бири УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас экенин жазып башташкан. Дал ушул УКМК компанияга кылмыш ишин козгогонун эксперт Умбеталиев айткан болчу.

УКМКнын мурдагы төрагасынын жакындары кылмыш иши козголгон ишкерлердин активдерине ээ боло калган учурлар буга чейин да болуп келген. Бул тууралуу «Клооп» мурдагы иликтөөлөрүндө айтып берген.

Непотизм жана жаңы долбоордогу байланыштар

Консорциумга кирген дагы бир компания — «Железобетон Строй». Бир жолу Бишкек мэриясы бул компанияга борбор калаадагы тротуарларды бузганы үчүн айып салган. «Железобетон Строй» Бишкектеги «Барса» футбол академиясынын куруу долбоорунда дагы бар. Анын ээлери Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун достору.

Көрүнүп тургандай, консорциумдагы эки компаниянын кулактары — «Тез жол» менен «Железобетон Стройдун» — непотизм жыттанган долбоорлордо байкалды. Балким азыр андай эместир? Анткени Тай-Мурас Ташиев «тез жол» менен «Жагалмайдын» негиздөөчүлөрүнүн катарынан 2024-жылы эле — Temirov Live Өзгөндөгү айланма жолдун курулушу тууралуу айтып чыкканда эле чыгып кетпеди беле?

Бирок байланыштар үзүлгөн эмес.
«Железобетон Строй» компаниясында Ташиевдин жээндери — Толкунбек Каныбеков менен Сыймык Тыныбековдун үлүштөрү бар.

«Тез жол» менен Ташиевдин үй-бүлөсүнүн байланышына сарасеп салуу кыйыныраак, бирок байланыш бар.

Азыр «Келечек» тоннелинин негизги жалданмачысы «Тез жолдун» жалгыз кожоюну Аскарбек Каландаров деген киши. Ачык булактарда бул киши тууралуу дээрлик маалымат жок. Болгону, 2021-жылы ал көмүр казган, бетон жана металлоконструкция чыгарган, программалык камсыздоо иштеп чыгаруучу жана соода тармагында иш алып барган дагы жети компаниянын негиздөөчүсү болгону белгилүү.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына караганда, Каландаровдун «Оргума» булагын иштетүүгө да лицензиясы болгон. Анда суу өндүрүү менен «Кыргыз-Чех суу компаниясы» алектенген. «Кыргыз-Чех суу компаниясынын» негиздөөчүсү — Нурлан Сулаймановдун уулу Элдар Сулайманов. Нурлан Сулайманов, жогоруда айтылгандай, Ташиевдин уулунун өнөктөшү болчу.

«Тез жолдун» жетекчисинин таржымалы дагы кызыктуу. Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, компаниянын директору деп ушул тапта Нурланбек Кайыңбаев көрсөтүлгөн. Ал он жылдан ашуун транспорт тармагында эмгектенген, ал эми 2021-жылы транспорт министринин орун басары болуп дайындалган. Бирок бул кызматта болгону бир жыл иштеген.

Тууганча чечишип алышкан

Бул окуяда дагы бир суроо жоопсуз калат: кандайча тоннелдин курулушу УКМК төрагасынын жакындарына тийип калган.

Жөнөкөй эле: макулдашууга кол коюлган кезде транспорт министри Абсаттар Сыргабаев болчу — ал УКМКнын мурдагы төрагасынын өкүл баласы. Сыргабаев министрлик кызматтан Камчыбек Ташиев отставкага кеткенден бир жумадан кийин бошотулган.

Тоннелдин курулушуна делген «подряд» эмне болот, бийлик азырынча айта элек.