Спикер Жумабеков шайлоодон четтетилген жок. «Кыргызстанга» эскертүү берилди

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Жогорку Кеңештин спикери, «Кыргыстан» партиясынан парламенттик шайлоого аттанып жаткан Дастан Жумабековду шайлоодон четтетүү боюнча жумушчу топтун сунушу колдоо тапкан жок. 

БШКнын мүчөлөрү шайлоо жөнүндөгү мыйзам бузулганы үчүн партияга эскертүү гана берүү чечимин кабыл алышты. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова жыйын учурунда бул сунушту БШКнын он мүчөсү колдогонун айтты.

Учурдагы парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков 14-сентябрда Таласка болгон сапары учурунда жаңы төрөгөн келин уулуна Дастан деп ат койгону үчүн сүйүнчү иретинде 50 миң сом берген. Анын акча берип жаткан учуру тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланып, кийин өчүрүлгөн.

Алгач бул каражат төрагынын фондунан берилгени маалымдалып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени айтылган. Ал эми 17-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кайрадан маалымат таратып, сүйүнчү катары берилген акча фонддон бөлүнгөнүн кабарлады. Ошентип, Жумабековдун сүйүнчү катары берген акчасы кайдан берилгени боюнча үч ирет ар кандай маалыматтар таратылды.

Жыйын маалында Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов талапкер Дастан Жумабековду шайлоодон чететтүүнү кажети жок экенин белгилеп, шайлоо жөнүндөгү мыйзам бузулганы үчүн партияга эскертүү берүү керектигин көтөргөн. Анын бул сунушун БШКнын башка мүчөсү Кайрат Осмоналиев дагы колдоого алган болчу.

*«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, шайлоо дайындалган учурдан тартып анын натыйжалары жарыяланганга чейин талапкерлер же алардын жакын туугандары кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укугу жок.

Спикер жана «Кыргызстан» партиясы

Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы Дастан Жумабеков келе жаткан парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынан талапкер катары аттанууда.

Партия шайлоого Жогорку соттун чечиминен кийин гана катталган.

Анда сот партияны колдоп, Боршайкомду «Кыргызстандын» документтерин кабыл алууга жана аны шайлоого катышууга уруксат берүүгө милдеттендирген.

Мурдараак БШК партиянын документтерин кабыл алуудан баш тарткан болчу, ага документтерди «тийиштүү адам» тапшырбаганы себеп болгону айтылган.

Башка партиялардагы талапкерлер менен активисттер да «Кыргызстанды» шайлоого катыштырбоо керектигин, анткени БШКга документ тапшырууда кечиккенин айтышкан.