«Улутуңду унутпа» кыймылы: Улут графасын кайтарууга саясатчылардын тиешеси жок

Иллюстративдик сүрөт. Хамидулло Узаков/Kloop.kg

Жогорку соттун Конституциялык палатасы 14-октябрда улут графасын жарандык паспорттон алып салган өкмөттүн чечимин мыйзамга каршы деп тапты.

Мекеме түшүндүргөндөй, улут гарафасын алып салуу Конституциянын 38-беренеси боюнча ар кимдин өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн эркин аныктоо жана көрсөтүү укугун бузган.

Өкмөттүн чечиминин үстүнөн Жогорку Сотко «Улутуңду унутпа» кыймылы 2017-жылдын июль айында даттанган. Алар паспортко жарандын улутун көрсөтүп жазууну талап кылышкан.

Учурда кыймыл мүчөлөрү соттун чечимин «жеңишибиз» деп аташып, буга «эч бир саясатчынын тиешеси жоктугун» айтышууда.

«Конституциялык сотко арыз бергенибизге көп болгон. Бул биздин жарандык коом уюмдарынын көптөн берки күрөштөгү жеңишибиз. Азыркы саясатчылардын эч кандай тиешеси жок. Анткени бул арыз азыркы окуялар башталганга чейин алда канча мурун берилген», — деп жазды кыймылдын мүчөсү Жыргалбек Касаболот.

Буга чейин премьер-министр Садыр Жапаров 15-октябрдагы маалымат жыйынында паспортко улут графасы кайра киргизилгенин айтып билдирүү жасаган. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы графаны киргизүү үчүн 2-3 ай сарпталаарын билдирген.

Улуту көрсөтүлбөгөн паспорт

МКК документте улуту көрсөтүлбөгөн жаңы паспортторду 2017-жылы бере баштаган. Бул сунуш бир гана коомчулукта эмес, депутаттар менен саясатчылардын ортосунда да талаштарга жем таштаган.

Мисалы, депутат Дастан Бекешев ММКнын демилгесин колдоп, паспорттогу улут жөнүндөгү графаны «жарандын жеке тандоосу» деп атаган.

Бирок саясатчы Адахан Мадумаров башкача пикирин билдирип чыккан. Анын айтымында, паспортто улут жөнүндө маалымат көрсөтүлүшү керек — анткени ал «Кыргызстанда жашаган элдердин ар түрдүүлүгүн көрсөтөт».