МКК: Кыргызстандыктардын паспортуна «улуту» деген графаны кайтарууга 90 күн керектелет

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөттүн тапшырмасы боюнча кыргызстандыктардын паспортуна (2017-жылы чыккан ID-карталарага) «улуту» графасын киргизүүгө багытталган иштер башталды.

МКК жаңы графа киргизүү үчүн бюджеттен кошумча каражат сарптоонун же жаңы аппарат сатып алуунун зарылчылыгы жоктугун кошумчалады.

«Болжол менен «улуту» деген графаны киргизиш үчүн ТИМдин башка өлкөлөр менен легализация жолун эске алсак — 90 күн сарпталат», — деп билдирди МКК.

Паспортко «улуту» графасын киргизүү жарандардын каалоосуна жараша болот.

Кыргызстандыктардын паспортуна «улуту» графасын киргизүү тууралуу Садыр Жапаров премьер-министрликкке бекитилгенден кийинки басма сөз жыйынында билдирген. Жапаровдун элге кайрылуу сөзүнүн өзөгүн дагы Сооронбай Жээнбековдун отставкасы, коррупция менен күрөшүү жана паспорттогу «улуту» графасы түзгөн.