Жогорку сот 2020-жылдын 8-мартында өткөн «Аялдардын шериктештик маршынын» катышуучуларын кармоо ишин карады.
Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, Жогорку соттун токтому менен Свердлов райсотунун чечими жана Бишкек шаардык сотунун аныктамасы жокко чыгарылган.
Мындан тышкары, Свердлов РИИБинин «протоколдук ыкчам жыйындын чечимин негиздүү жана мыйзамдуу таануу» тууралуу кайрылуусу боюнча өндүрүш токтотулду. Дал ушул жыйында демонстранттарды кармоо чечими чыгарылган болчу.
Адвокат Фатима Якупбаеванын айтымында, тынчтык чогулушу жөнүндөгү мыйзамга ылайык, эгерде бийлик жарандардын тынчтык акцияларына катышуу укугун чектей турган болсо, мындай чечим сот тарабынан текшерилүүгө тийиш.
«Сот ошол учурдагы милициянын кадамдары канчалык деңгээлде мыйзамдуу болгондугун бир сутка ичинде текшерип чыгышы керек. Милиция сотко кечигип кайрылган (9 эмес 10-мартта), ал эми Свердлов райондук соту адвокатка билдирүү кылбастан, алардын аракетин мыйзамдуу деп таап, чечим чыгарып койгон. Кийин Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган», – деп чечмелеп берди юрист.
Якупбаева адвокаттар сотто мурдагы инстанциялардын соттук актыларын жокко чыгарууну жана милиция кызматкерлеринин аракеттерин мыйзамсыз деп таанууну суранышканын белгиледи. Жогорку сот актыларды жокко чыгарып, ишти токтотту, бирок милиционерлердин аракеттерин мыйзамдуу же мыйзамсыз деп тааныган жок. Бул кайсы негизде жасалганы азырынча так белгилүү эмес.
Аялдардын укугу үчүн маршты үзгүлтүккө учуратуу
2020-жылы 8-мартта Бишкекте беткапчан жана ак калпак кийген балдардын тобу аялдардын укугу үчүн жыл сайын өтүп турган маршка чабуул жасашкан. Алар марштын катышуууларына чабуул кылып, транпарант жана плакаттарды айрып, талкалап кетишкен. Андан соң милиция кол салгандардын кармагандын ордуна андан жапа чеккендерди кармап кеткен. Милицияонерлер активисттерди кармаганын «жагымсыз кесепеттерди алдын алдык», себеп дегенде катышуучулар «агрессивдүү» болуп, «абалды туруксуздаштырып» жатышкан деп түшүндүрүшкөн.
Милиция жалпы 70ке жакын адамды кармаган. Свердлов РИИБинде эки саат отурган соң, чабуулдан жабыркагандарды айып такпастан эле бошоткон.
Марштын уюштуруучулары — 7 адам — РИИБде көбүрөөк убакыт болгон. Кийин аларга милиция кызматкерлерине «баш ийбегендиги үчүн» 3 миң сом өлчөмүндө айып салынган.
Кийин милиция беш чагымчы да кармалып, айыпка жыгылганын кабарлаган. Бирок кол салгандардын саны 30 чакты адам болгон. Милиция аларды марш учурунда кармай алмак, бирок кармаган эмес.
Видеодон марштын уюштуруучулары милицияга жардам сурап кайрылганын, чагым болуп кетиши мүмкүндүгүн эскерткенин көрүүгө болот. Бирок Свердлов РИИБнин башчысынын орун басары Эрлан Атантаев аялдарга жардам көрсөтүүдөн баш тартып, аянтка жөн гана сейилдөө үчүн келгенин айткан. Кийин Атантаев уюштуруучулар марш тууралуу эскерткен эмес деп айтып чыккан— чынында уюштуруучулар марш өтө турганын айтууга милдеттүү эмес (бирок эскертишкен).
Ошондой эле, митингдин катышуучуларына жардам көрсөтпөй, чагымга жол берген милициянын аткаминерлеринин арасында Свердлов РИИБинин башчысы Ашым Тагаев да болгон.
Бул окуядан кийин БУУ менен ЕККУ Кыргызстандын бийлигин аялдардын укуктарын коргоого жана диалог үчүн аянтча түзүүгө чакырган. Ал эми Amnesty International укук коргоочу уюму милиция кызматкерлерин алар тынчтык митингинин катышуучуларын чагымчылар кол салганда коргобой койгондугуна айыптап, 8-марттагы аракеттерин иликтөөнү талап кылган.