
Республикалык штабдан 18-ноябрда коронавирустун жаңы 425 учуру катталганын маалымдашты.
Аймактар боюнча көрсөткүч:
Чүй облусу — 117;
Бишкек шаары — 110;
Ысык-Көл — 55;
Ош облусу — 50;
Жалал-Абад облусу — 35;
Баткен облусу — 29;
Ош шаары — 13;
Талас облусу — 8;
Нарын облусу — 8.
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 67 894кө жетти. Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 206.
Ошондой эле, акыркы суткада 531 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 146, Жалал-Абад облусунда — 71, Ош облусунда — 69, Ош шаарында — 15, Баткен облусунда — 59, Чүй облусунда — 93, Ысык-Көл облусунда — 51, Нарын облусунда — 10, Талас облусунда — 17 бейтап сакайды.
Ушуну менен өлкө боюнча 58 846 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 136 бейтап, ал эми үй шартында 3 980 киши дарыланып жатат.