Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап, ага түзөтүүлөрдү киргизип жаткан Конституциялык кеңешменин курамына өзгөртүү киргизди.
Анын жарлыгы менен Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары Канат Керезбеков кызматынан бошотулду. Юридика илимдеринин доктору, профессор, КСДПнын депутаты жана президентке чексиз бийлик ыйгарган Конституциянын жаңы долбоорун демилгелеген 80 депутаттын бири, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу кеңешменин курамынан кетти.
Ушул эле жарлыкка ылайык, Конституциялык кеңешменин курамына дагы жаңы он адам кирди. Сунушталып жаткан Конституциянын жаңы долбоорун талдоого катышып, ага түзөтүү киргизе тургандар төмөндө.
Экс-депутаттар
Алманбет Шыкмаматов — Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын мурдагы лидери, парламенттин жетинчи чакырылышына «Бир Бол» партиясы менен аттанган. Бир кездерде коррупцияга жана жасалма келишимдерди түзүүгө айыпталып, бирок 2018-жылы ага карата иш жабылган.
Шыкмаматов Конституциянын жаңы долбоору тууралуу «бул түрү суук долбоордун авторлору Садыр Жапаровго жардам берем деп атып, чындыгында ага жамандык кылып алышты» деп айткан. Анын пикиринде, документ элди бөлбөй жана аша чаппашы керек.
Кантемир Мурзабеков — «Ата-Журт» фракциясынын Жогорку Кеңештеги экс-депутаты, 2020-жылы шайлоого «Социал-демократтар» партиясынан аттанган. Ал Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлерин үч тамга менен сөккөн эл өкүлү катары коомдун эсинде калган.
Ошондой эле Мурзабеков 2014-жылы Кыргызстандын түштүгүндө жаратылыш газы берилбей токтоп калганы үчүн коңшу Өзбекстанга сууну бөгөп салууну сунуштаган.
Коомдук ишмер
Чолпонбек Абыкеев — коомдук ишмер катары көрсөтүгөн. Кыргызстандын каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин мурдагы директору. Кыргызстан жазуучулар союзунун экс-башчысы, жазуучу.
Ал фейсбукта активдүү болуп, Кыргызстандагы жердешчилик жана трайбализмге каршы сүйлөп, 2010-жылдагы революцияга катышкан саясатчыларды сындап келген.
Бийлик алмашкандан кийин Абыкеев Конституциянын жаңы долбоорунун орус жана кыргыз тилдериндеги варианттарында дал келбестиктерди жана так эмес маалыматтарды тапканы менен долбоор боюнча жалпы-жонунан жакшы пикирин айткан.
Эксперттер
Мурат Укушев — конституционалист, көз карандысыз эксперт катары көрсөтүлгөн. Бирок аны толук кандуу «көз карандысыз» деп атоо кыйын. Аскар Акаевдин убагында Президенттик администрациянын курамында, сот бийлигинин таасирин күчөтүү жана анын кадыр-баркын жогорулатуу менен алектенген топто иштеген.
Курманбек Бакиев президент болуп турганда дагы саясаттан четте калган эмес. Президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалаган. Бирок 2009-жылдын аягында креслосунан кол жууган.
Атамбаев жана Жээнбеков мезгилинде Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүндө эксперт катары иштеп, соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашырууга активдүү катышкан.
Өмүрбек Текебаев менен бирге «Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтү (2010-жыл 7-апрель -21 декабь): окуялар, ишмердүүлүк, берилген баалар» аталышындагы китепти жазган.
Мурат Карыпов — тобокелдер менен кырсыктардын алдын-алуу боюнча эксперти, «Плюрализм» гезитинин редактору деп көрсөтүлгөн.
Айдарбек Мамбеткадыров — кеңешмеге көз карандысыз эксперт жана юрист катары кирген. Мамбеткадыров парламенттте эксперт катары саналгандыгы менен белгилүү. Ошол эле учурда Нарын облусунун райондор аралык сотунун судьялыгына талапкерлигин көрсөткөн.
Аз убакыт «Кыргызстан» партиясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулунун коомдук кеңешчиси катары иштеген. Асылбек уулу Кыргызстандан коңшу Казакстанга жана Орусияга аткезчиликти уюштургандыгы үчүн Казакстанда сот жообуна тартылган. Кийин өкмөттүк аппараттын координациялык бөлүмүнүн эксперти болгон.
Мындан тышкары, ал «Аюу-Төр» ЖЧКсынын директору экени белгилүү. Аталган уюм аңчылык жана жапайы жаныбарларды асыроо менен алектенип, ошондой эле бул тармактагы кызматтарды көрсөтөт.
Укук коргоочу айым
Төлөйкан Исмаилова — «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун башчысы. Ал буга чейин Садыр Жапаровдун референдумун легитимсиз деп, ал эми парламентти «Конституцияга каршы кылмышкерлер» деп атаган.
Илимий ишмер
Муратбек Иманкулов — Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык билим берүү тармагындагы көйгөйлөр лабораториясынын жетекчиси. Ал педагогикалык илимдердин кандидаты, тарыхчы.
Иманкулов — Кыргызстандын тарыхы боюнча чуулуу китептин түзүүчүсү. Ал китепте автор 1916-жылдагы окуяларды ашыкча эмоционалдуу сүрөттөгөнү үчүн 2013-жылы Орусия менен жаңжал чыгып кетишине аз жерден себепкер болоюн деген.
Китеп коомдо активдүү талкуулангандан кийин Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Советбек Байгазиев тегерек стол өткөрүп, китепте баары жайында экенин жана ал өлкөнүн мектептерине калат деп чечкен.
Юриспруденция жана укук боюнча адистер
Асел Абакирова — юридика илимдеринин кандидаты, Ж. Баласагын атындагы КУУнун конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти.
Мындан тышкары, ал Көз карандысыз сот экспертиза борборун, «Гумандуулук жана билим үчүн бирге!» жана «Чет өлкөлүк студенттерди укуктук колдоонун билим берүү борбору» коомдук фонддорун, ошондой эле «Евразия университети» жана «Евразиялык башкаруу мектеби» коммерциялык эмес билим берүү мекемелерин жетектейт.
Таалайбек Шамурзаев — Б. Ельцин атындагы КОСУнун кылмыш процесси жана криминалистика кафедрасынын жетекчиси, профессор, юридика илимдеринин доктору.
Юстиция министрлигинин сайтында ал «“ТНП Алибет-Спейс” (ИУ-АКШ) кыргыз-америка биргелешкен ишканасы» ЖЧКсынын жетекчиси катары көрсөтүлгөн, бул уюм учурда жоюулуу баскычында турат. Уюмдун негиздөөчүлөрү (катышуучулары) катары МАП Глобал Трейдинг жана ОКБ Космостук изилдөөлөр институту көрсөтүлгөн.