Башкы прокуратура «Ынтымак» паркынын курулушу боюнча кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 2-ноябрда кабарлагандай, ведомство «Ынтымак» паркын куруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Бишкек мэриясынын «Ынтымак» паркын ачууга жумшаган бюджеттик каражаттарды сарптоонун мыйзамдуулугун текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүү 2019-2020-жылдары муниципалитеттин кызмат адамдары «паркты абаттоо боюнча курулуш-монтаждык иштерин» мамлекеттик экспертизанын оң бүтүмү жок жүргүзүлгөнүн көрсөткөн.

Эми мэриянын кызматкерлери пайда жана артыкчылык көрүү максатында кызмат абалынан кыянат пайдаланышкан деп шектелип жатышат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө көзкарандысыз эксперттер аткарылган жумуштардын көлөмүнө баа беришкен (өсүмдүк топосун ташып келүү, сугат системасы, жол бордюрун жана ажааткана орнотуу). Жыйынтыгында айрым иштер боюнча алардын көлөмүн көбөйтүү жана кымбаттатуу болгону аныкталган.

Мындан тышкары, текшерилген документтерге ылайык, мэрия тийиштүү адистик талаптарына ылайык келбеген конкурстун катышуучулары менен камсыздоо келишимин түзгөн.

Башкы прокуратура 24-ноябрда материалдарды «Ачык соода-сатыктарды өткөрүүнүн тартибин бузуу» жана «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» бернелери боюнча КЖБРге каттады.

10 гектар аянтты ээлеген «Ынтымак» паркынын курулушу 2019-жылдын апрель айында башталып, ага 82 миллион сом сарпталган.

Парктын ачылышына экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана экс-мэр Азиз Суракматов катышкан.

«Ынтымак» жайгашкан аймагы боюнча жерлери чиновниктерге мыйзамсыз сатылып, айрым учурда бекер таркатылган Ата-Түрк паркына кирет.

ТЕМА БОЮНЧА: Дарактардын ордуна курулган хан сарайлар. Бишкек бийлиги Ататүрк паркынын 30% көбүн кантип жок кылган?