Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева юристтер башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүүгө каршы доо арызды Жогорку соттун Конституцилык палатасына (КП) жолдой турганы билдирди. Анын айтымында, референдум дайындоо чечиминин конституциянын ченемдерине шайкештиги суроо жаратат.
Мурдараак Токтогазиева өзү кошо кирген юристтердин тобу бул мыйзамга байланыштуу кайрылуу жасаган. Юристтер Акылбек Жапаров Конституцияны бузган жана бул долбоорду демилгелөөгө ыйгарымы жок болчу деп эсептешет.
Референдум тууралуу мыйзам долбоорунун эмнеси суроо жаратат?
Юристтер колдонуудагы Конституцияга ылайык, баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү бир депутат демилгелей албайт: ал үчүн депутаттардын саны 80ден кем болбоого тийиш.
«Бул талап сакталбагандыктан, ререндумду дайындоо мыйзамсыз. Коомдо добуш берүүгө, ал эми жарандарда референдумдун жыйынтыгына ишеними жок болот. Мунун жыйынтыгында, жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча кийинки референдум легитимдүү болбойт, анткени ал жараксыз укуктук өбөлгөнүн негизинде куралат», — деп билдиришти алар.
Экинчиден, Жапаровдун мыйзам долбоорунда бюллетенде сунушталган башкаруу формалары бири-биринен эмнеси менен айырмалана турганы жөнүндө кандайдыр бир маалымат-түшүндүрмө болушу керек. Долбоордун автору «президенттик» же «парламенттик» башкаруу системасы дегенде кандай башкарууну айтып жатканы тууралуу жазылган эмес. Бул мыйзамга каршы келет.
«“Референдум жөнүндөгү” мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүмүндө “референдумдун суроосу бир нече маанини туюнтпаган, бир жактуу гана жооп бериле тургандай түзүлүүгө тийиш” деп жазылган», — деп айтылат кайрылууда.
Жыйынтыгында, мыйзам долбоорунда жарандар тандоодо чектелген, аларга эки башкаруу формасы же «баарына каршы» варианты гана сунушталган.
«Шайлоочунун башкаруу формасын тандоо мүмкүнчүлүгү чектелбеши керек. Эгер бюлеттенде дүйнөдө бар болгон негизги башкаруу формаларынын тизмеси көрсөтүлбөсө, ошондой эле алар боюнча минималдык түшүндүрмө маалымат болбосо, анда кесилген жана жетишсиз маалымат шайлоочуну адаштырып коюшу мүмкүн, демек мындай референдумтун жыйынтыгы да шек жаратат», — деп жыйынтыкташты алар.
Башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум
Башкаруу формасын тандоо боюнча Акылбек Жапаров демилгелеген референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамын алтынчы чакырылыштын депутаттары дароо үч окуудан өткөрүп, эки күндүн ичинде кабыл алып беришкен.
Айрым депутаттардын мыйзам долбоору регламентти жана конституцияны бузуу менен каралып жатат деген билдирүүлөрүнө карабай, долбоор күн тартибинен алынган эмес.
Референдум өткөрүү үчүн 60 депутат «макул» деп добуш берип, ага төрт гана депутат каршы чыккан: Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашова жана Каныбек Иманалиев.
12-декабрда мыйзамга президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол коюп, ал эми БШК референдум өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 40 млн сом жумшаларын жарыялады. Анан калса бул сумманын дээрлик жарымы «Башка чыгымдарга» коротулат.
Кыргызстандыктар парламенттик же президенттик башкаруу формасын тандап, же «баарына каршы» деген вариантка добуш бериши кеек. БШК ар бир топко эфирдик убакыт бөлүп берерин убадалады — алар бул варианттардын ар бири боюнча түшүндүрүп айтып беришмекчи.