БШК референдум өткөрүүгө дээрлик 40 млн сом жумшайт

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-декабрдагы жыйынында референдумга даярдык көрүү жана өткөрүү чыгымдарынын сметасын бекитти. Анын жалпы суммасы дээрлик 40 млн сомду түздү.

Бул акчанын дээрлик жарымы «башка чыгымдар» үчүн деп көрсөтүлгөн. «Транспорт чыгымдарына» 9 млн сом коротулса, ага үндөш «Кызматтык сапарларга» — 4,1 млн сом сарпталат.

Мындан тышкары, «Ижара акысы» жана «Соцфондго чегерүү» деген беренелер бар. Бул максаттарга өлкө бюджетинен 50 миң жана 163 миң сом алынат. Ал эми «Маяна» үчүн дээрлик 1 млн сом бөлүнөт.

БШКнын маалымат бөлүмү референдум өткөрүү үчүн бардык каражаттар республикалык бюджеттен каржылана турганын эскертет.

«Аймактардагы шайлоо комиссияларына бул каражаттардын максатуу пайдаланылышын көзөмөлдөө тапшырмасы берилди», — деп белгиленген Боршайкомдун билдирүүсүндө.

Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Референдум өткөрүү тууралуу мыйзамды парламент эки күн ичинде кабыл алган. Ал эми 12-декабрга караган түнү президенттин басма сөз кызматы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов тиешелүү мыйзамга кол койгондугун маалымдаган.

Ошондой эле, дал ошол 10-январь күнү кезексиз президенттик шайлоо дагы өтөт. Өлкө башчылыгына 18 талапкер ат салышат, алардын бири өзүн жарыштан четтетүү тууралуу чечимди Жогорку сотко даттана турганын билдирди. БШКнын маалыматына караганда, президенттик шайлоого республикалык бюджеттен 549 млн сом сарпталат.

10-октябрда парламент депутаттары 2021-жылдын бюджетинен 858,4 млн сомду шайлоо иш-чараларына бөлүү каралган мыйзамды кабыл алган.

Референдум жана кезексиз президенттик шайлоодон сырткары 2021-жылы Кыгызстанда парламенттик шайлоо өткөрүү пландалууда. Демек, буга бюджеттен калган 269,4 млн сом сарпталышы мүмкүн.

Кыргызстандагы экономикалык кризис

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталып, 2020-жылдын март айында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тартып өлкөнүн экономикасы кризиске сүңгүгөн.

Көпчүлүк кен казуучу компаниялар ушул күнгө чейин иштебей турат. Тоо-кен металлургия профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаевдин маалыматына караганда, беш миңден ашуун тоо-кен, металлургия тармагынын кызматкерлери жумушсуз, ал эми өлкө тоо-кен ишканаларынын эки ай бою иштебей турушунан 3 млн долларга жакын каражаттан куру калган.

Күзүндө, Кыргызстандагы саясий кризистин башталышына жол ачкан 5-6-октябрдагы нааразылык акцияларынын шартында, бир эле учурда бир нече өлкө жана эл аралык финансы институттары экономиканы колдоого жана COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган донорлук жардамдарын токтоткон.

Ошол эле мезгилде, октябрь айынан бери доллар жана евронун куну жогорулаганы байкалууда. Улуттук банк анын кеспеттерин жоюу үчүн валюталык интервенцияны колдонууда. Октябрда сомдун кунун кармап туруу үчүн бир күн ичинде рекорддук 42,4 млн сатылган.

Эксперттер айрым азык-түлүк түрлөрүнө болгон баалардын жогорулап кетишинин себептеринини бири катары доллардын наркынын өсүшүн айтышууда. Улуттук сатистика комитетинин маалыматы боюнча, орточо эсеп менен азык-түлүктөрдүн баасы 2019-жылдын декабрына салыштырмалуу 9,6%га өскөн. Баарынан көп кант (27,4%), өсүмдүк майы (25%) жана жаңы жемиштердин (16,9%) баасы кымбаттап кеткен.

Ошол эле учурда, өкмөт кыргызстандыктардын салык төлөмдөрүнүн эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнү карап жатат. Мындан тышкары, Садыр Жапаров премьер-министр жана президенттин м.а. болуп турганда экономикалык мунапыс жарыялаган. Ага ылайык, мыйзамсыз байыган аткаминерлер бир айдын ичинде бул каражаттарды казынага кайтарып бериши керек эле. Бирок канча чиновник экономикалык мунапыстан пайдалангандыгы тууралуу маалымат жок.