Акыркы суткада коронавирустун жаңы 241 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 16-декабрда коронавирустун жаңы 241 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Чүй облусу — 55;

Бишкек шаары — 73;

Жалал-Абад облусу — 19;

Ысык-Көл — 38;

Ош облусу — 22;

Баткен облусу — 12;

Ош шаары — 13;

Талас облусу — 6;

Нарын облусу — 3.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 78 151ге жетти. Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 141.

Ошондой эле, акыркы суткада 403 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 119, Жалал-Абад облусунда — 37, Ош облусунда — 28, Ош шаарында — 25, Баткен облусунда — 27, Чүй облусунда — 101, Ысык-Көл облусунда — 54, Нарын облусунда — 8, Талас облусунда — 4 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 71 270 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 845 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 92 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 841 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Ош облусунан бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 317 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча сегиз медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан — эки, Ош, Баткен, Чүй облустарынан — бирден жана Ысык-Көл облусунан — үч медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада 15 медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 049га жетти, анын ичинен 3 796 медкызматкер илдеттен айыкты.