Жалал-Абадда «Тазалык» ишканасында иштеген аялды сабап кетишти

Маргуба Хакимова. Сүрөт: Азамат Жээнбековдун фейсбук баракчасынан алынды

Жалал-Абад шаарында «Тазалык» ишканасынын кызматкери Маргуба Хакимова жумуш учурунда белгисиз киши тарабынан сабалды. Ал учурда ооруканада. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдирди.

Жээнбеков билдиргендей, белгисиз киши аялды ур-токмокко алып милиция кызматкерлери келгенге чейин качып кеткен. Жабырлануучу кесиптештеринин жардамы менен көрсөтмө бергенден кийин ооруканага жеткирилген.

«Хакимованын айтымында, ал башынан жаракат алып, кан басымы көтөрүлгөн. Бети канжалап, оор соккудан улам көзү ачылбай жатат. Ал ооруканада жаткан учурда, ага белгисиз номерден чалган киши өзүн “тергөөчүмүн” деп тааныштырып, “тааныбаган адамдын үстүнөн эмнеге арызданасыз, аны биз кайдан табабыз?” деп айыптаганын айтат», — деп жазган Жээнбеков.

Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан «Клоопко» бул окуяны тастыктап, учурда Хакимованы сабаган киши изделип жатканын маалымдады.

«Окуя 24-декабрда таңкы саат 04.30дар чамасында Бакиев көчөсүндө орун алган. Ал азиат тектүү 25-30 жаштардагы киши экени белгилүү болду. Ал эми жабырлануучуга “тергөөчүмүн” деп чалган факты боюнча учурда кызматтык иликтөө башталды. Бул боюнча кошумча маалымат берилет», — деди Жалал-Абад ОИИБден.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Майда бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөөгө алынды. Ошондой эле, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.