БШК КТРКда президенттик башкаруу формасы үчүн үгүт элементтерин тапты

БШК 28-декабрда парламентаризм үчүн агитациялык тобунун башчысы Дастан Бекешевдин КТРКга карата даттануусун карады. Депутат БШКдан президенттик башкаруу формасын үгүттөгөндүгү үчүн КТРКнын жетекчилигин жоопко тартууну өтүнгөн.

Эл өкүлү 21 жана 23-декабрда телеканал аркылуу көрсөтүлгөн видео роликтер тууралуу айткан. Анын айтымында, «Маек» кечки берүүсүндө жана жаңылыктар чыгарылышында ачыктан-ачык президенттик башкаруу формасына үгүттөө болгон. Ал тургай, «Маек» берүүсүнө чакырылган эксперттердин арасында парламенттик башкарууну жактаган бир дагы мейман болгон эмес.

«Маек» берүүсүнүн бир чыгарылышы:

«Ала-Тоо 24» каналындагы жаңылыктын эфири:

Депутат мыйзам боюнча ЖМКларга өз алдынча үгүт жүргүзүүгө тыюу салынганын белгиледи. Үгүт топтору ошондой эле өз шайлоо фонддорун ачып, алар аркылуу материалдарды жеке ЖМКларда жайгаштыруунун акысын төлөшү керек.

Ал эми телеканалдын өкүлдөрү Бекешевдин доосуна макул эмес. Алар БШКнын жыйынында жөн гана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын айтышкан.

Алардын айтымында, каналдын жетекчилиги чакырылган спикерлердин агитациялык билдирүүлөрүн дайыма эле көзөмөлдөй албайт. Ошондой эле, парламенттик башкаруу формасын жактаган меймандар дагы чакырылган, бирок алар «келген жок» деп белгилешкен.

Жыйындын аягында БШКнын жумушчу тобу КТРКнын эфирлеринде үгүт элементтери байкалганын моюндады. Мындан тышкары, алар берүүлөрдө референдумдун бардык катышуучуларына бирдей үн берүүдө дагы бузуулар бар экенин белгилешти.

БШК телеканалдын жетекчилигин «Маек» берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында ошол эле алып баруучу парламенттик башкарууну жактаган эксперттерди чакырууга милдеттендирди. БШК мындай кадам менен үгүт топтордун ортосундагы тең салмактуулук калыбына келтирилет деп эсептейт.

Алар телеканалга мындан ары бир жактуу маалымат бербөөнү жана кайсы бир башкаруу формасынын жактоочулары тарабынан үгүттөөнү болтурбоону сунушташты.

Башкаруу формасын тандоо боюнча референдум

Кезексиз президенттик шайлоо менен башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында бир күндө өтөт өтөт.

Кыргызстандыктар парламенттик же президенттик башкаруу формасын тандап, же «баарына каршы» деген вариантка добуш бериши керек.

БШК 13 агитациялык топту каттоого алган. Алардын ичинен президенттик башкаруу формасына үгүттөгон топтордун саны 8ге жеткен.

Парламентаризмди жактагандар менен бардык варианттарга каршы чыккан үгүтчүлөрдө экиден топ бар.

Парламенттик башкаруу формасы үчүн үгүт тобун депутат Дастан Бекешев жетектейт. Ал буга чейин референдумдан «эл гана уттурат» деп билдирип, бир нече жолу ага каршы чыккан. Референдум тууралуу мыйзам долбооруна каршы добуш берген төрт депутаттын бири дагы Дастан Бекешев болгон.

Садыр Жапаровдун тарапташтары аны 6-октябрга караган түнү колониядан бошотушкандан кийин, ал тарапташтарына референдум өткөрөм деп убада берген. Бошотулгандан кийин Жапаров премьер-министрдин жана президенттин м.а. кызматын ээлеген. Бийликке келгенден кийин ал конституциянын реформасы тууралуу демилгени жигердүү сүрөмөлөп баштаган. Ал тургай депутаттар Конституциянын жаңы вариантын иштеп чыгышкан, бирок бул коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, бийлик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүүнү чечкен.

Юристтер жана көз карандысыз байкоочулар референдумду дайындоодо көптөгөн мыйзам бузуулар орун алганын айтып чыгышкан. Алардын ою боюнча, аны жалгыз демилгелеген алтынчы чакырылыштын депутаты Акылбек Жапаров Конституцияны бузду жана анда бул долбоорду чыгарууга да ыйгарым укугу жок болчу.

Алар президенттик шайлоо менен референдумдун бир күндө өтүшүнө макул эмес. Алардын пикиринде, кыргызстандыктар талапкерлердин шайлоо алдындагы программасы менен таанышып, референдумга коюлган суроолорду талдап чыгууга үлгүрбөйт.

Ал эми Жапаров акча үнөмдөп калуу үчүн референдум менен президенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштаганын билдирген. Ал толкундоолордон кийин өлкө жарандарын ушул маселе тынчсыздандырат деп эсептейт.