Канат Исаев Жапаровду «Кытайдын агенти» жандап жүргөнүн айтты

Канат Исаев, Адыл Жунус уулу, Садыр Жапаров.

Президенттикке талапкер Канат Исаев КТРКнын теледебаттарынын 2-турунда дагы бир талапкер Садыр Жапаровду «Кытайдын агенти» жандап, аны менен ынак болуп жүргөнүн айтты.

Жапаров 6-январда болгон теледебатка дагы келген жок. Ал мындай кадамын «ушак териштиргиси» келбегени менен түшүндүргөн. Бул тууралуу пикирин ал Кара-Суу районунда эл менен жолукканда айтты.

Исаев учурда Садыр Жапаров жанында жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Адыл Жунус уулу Кытайда төрөлүп-өсүп, ошол жактан билим алганын жана ушул кезге чейин Кытай менен болгон байланышын үзбөгөнүн билдирди. Андан сырткары Жунус уулу Кыргызстандын жарандыгын алып, депутат болгону менен анын бизнестеринин артында Кытай фирмалары турарын документ менен тастыктап бере аларын кошумчалады.

«Кытайдын кызыкчылыгын көздөгөн адам, Кытай менен кол үзбөгөн адам, атасынын сөөгү Кытайга коюлган адам менен бүгүн негизги талапкерлердин бири [Садыр Жапаров] “ал менин досум” деп айтып жатат. Ибраимов көчөсү 100 дарегиндеги имаратты “экөөбүз курганбыз” деп жатат», — деди ал.

Бишкектеги Ибраимов 100 дарегинде (Киев көчөсү менен кесилишинде) Жапаровдун штабы жайгашкан. Буга чейин бул имаратта «Бай Таш Групп» курулуш компаниясы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Аталган компаниянын негиздөөчүлөрү катары кытайлык Ван Минжин жана Чжу Чуньбинь көрсөтүлгөн.

«Бай Таш Групп» Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо курулуш иштерди аткарган компаниялардын бири.

Ал эми «Замандаш» партиясынын мурдагы лидери Жеңиш Молдокматов кытайлык компаниянын имараты жайгашкан жер тилке Адыл Жунус уулуна таандык экенин айтып чыкты. Буга далил катары ал фейсбукта жердин мамлекеттик актысы менен бөлүштү. Мындан сырткары Жеңиш Молдокматов Жунус уулу 2001-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганын билдирген.

Исаев дебатта УКМКнын кызматкерлери ага Жунус уулу Кытайдын «атайын кызматтарына иштейт» деп ачык эле айтып жатканына токтолуп, «ошондой адам менен ынак болгон киши, ошондой адамдар менен өнөктөш болгон адам кантип мамлекетти башкарат?» деп суроо салды.

Андыктан Кыргызстандын атайын кызматы бул айтылгандарды тезинен иликтеп, карап чыгышы керектигин белгиледи.

Канат Исаев андан сырткары Жунус уулу Адылдын аялы Кытайдын губернаторунун кызы экенин, кайын атасы коммунисттик партияда жооптуу кызматты аркалагынан билдирди.

«Аялы интервьюда менин атам Кытайдын коммунистик партиясында чоң чиновник болгон деп айтып жатат. Кийин статистика органын башкарган. Энем Улуттук банкта иштеген. Мен Кытайдын парламентинде кызмат кылгам дейт», — деди Исаев.

Анткен менен азырынча Улуттук коопсуздук кызматы жана депутат Жунус уулу Исаевдин айткандары боюнча үн ката элек.

Бул Жапаровдун Кытай менен байланышы тууралуу айтылган биринчи учур эмес. Анын шайлоо фондуна акча которгондордун ичинен кытайлык «ХУА-ЭР» компаниясы коомчулуктун көңүлүн бурган. Ал Жапаровдун шайлоо фондуна 1 млн сом жардам көрсөткөн. Бул компания кыймылсыз мүлктү сатып алуу менен алектенет. Каражаттарды алардын атынан Гүлзаада Бердалиева которгон.

Адыл Жунус уулу деген ким?

Адыл Жунус уулу парламенттин алтынчы чакырылышына «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат болуп келген. Ал 1963-жылы Кытай Эл Республикасынын Кулжа шаарында төрөлүп, 1987-жылы Синцзян университетинин география факультетин бүтүргөн.

Депутат эмгек жолун 1993-жылы Бишкектин гуманитардык билим жана тилдер институтунда кытай тилинен сабак берип баштаган. Ал эми 1994-жылы Жунус уулу «Кыргызспорткамсыздандыруу» республикалык башкармалыгында спорттук делегациянын котормочусу болуп иштеген.

Депутаттын расмий биографиясында ал 1995-2015-жылдары ишкер болуп жүргөнү көрсөтүлгөн.

Коомчулукта Жунус уулу 2018-жылы «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясын Кытайга сатууну сунуштаганы менен эсте калган.

Мындан сырткары «Economist» басылмасы Жунус уулу салык декларациясында кен казуучу «Норвест Майнинг Компани» компаниясын жашырганын билдирген.

Эл өкүлү Юстиция министрлигинин базасында «Кроран», дагы бир «Кроран» курулуш компаниясы, «Континентал Майнинг Компани» жана «Голден Сенд Майнинг Компани» ЖЧКларында негиздөөчү катары көрсөтүлгөн.