Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна кимдер акча которгон? Спойлер: пенсионерлер эмес

Садыр Жапаров үгүт иштеринде

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 21-декабрда анын шайлоо фондуна акча «элден келип жатканын» билдирген. 18-декабрга карата Жапаровдун фонду 47 млн 404 миң сомдү түзгөн — бул жалпы талапкерлердин арасында эң көп каражат. Ал эми Жапаровдун чыгымдары 43 млн 720 миң сомду түзгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын отчетуна ылайык, Жапаровго он киши жалпысынан 24 млн 952 миң сом, ал эми төрт юридикалык жак 7 млн 221 миң сом которгон. Калган 15 млн сом Жапаровдун өзүнүн каражаты деп көрсөтүлгөн.

*Садыр Жапаровдун фондуна акча которгон юридикалык жактардын арасында «Оптима Банк» жана «Демир Банк» да бар — алар 1 млн 200 миң сомдон ашуун каражат берген. Бирок бул каражаттар талапкерге жардам катары эмес, «кайтаруу» же «реквизиттерди тактап алыңыз» деп которулган.

Жапаровдун тарапташтары

Адылбек Исаев Жапаровдун шайлоо фондуна бир млн сомду жардам катары которгон. Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-март күнү кыргыз-казак чек арасында кармалганда, 500гө чукул киши аны бошотуу талабы менен чогулушкан. Митингчилердин арасында Адылбек Исаев да болгон.

Көп өтпөй алар укук коргоо органдары менен кагылышып, анын кесепетинен 68 киши кармалган. Ал эми Исаев ТИЗО-1де 5 ай кармалып, шарттуу бир жылга кесилген. «Саясий туткундарды коргоо комитети» Исаев саясий себептерден соттолгонун билдирген.

Эркинбек Баяманов бир млн сомдук жардам көрсөткөн. Ал 4-окктябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын тизмесинде 50чү орунда турган. Аталган партияны Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев түптөгөн.

Буга чейин Баяманов «Ата Журт» партиясында иштеп жүргөн. Учурда ал Садыр Жапаровдун штабында иштеп жатканын көрүүгө болот.

Эркин Баяманов

Тимур Оторбаев фонддун эсебине бир млн сом которду. Оторбаев алгач Садыр Жапаров жетектеген коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинде, кийинчерээк анын жардамчысы болуп иштеген.

Оторбаев 2017-жылдын июнь айында мародерлукка шектелип кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2010-жылдын 7-апрелинде Эрлан Мадылбеков менен бирге Максим Бакиевге тиешелүү Бишкек шаарындагы Киев көчөсү 74 дарегиндеги имаратты басып алууга катышкан. Ошондой эле, ал Бакиевдин тарапташы Алексей Елисеевдин үйүн жер тилкеси менен өзүнө жаздырып алууга айыпталган.

Учурда Оторбаевге байланыштуу кылмыш иши кандай жыйынтыкталганы белгисиз.

Жеке ишкерлер

Нурбек Калмурзаев — 6 млн 592 миң сом жардам көрсөткөн. Калмурзаев Кара-Суу районундагы «Баястан» ресторанына ээлик кылат. Аталган ресторан карантин учурунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабастан той өткөргөнү үчүн бир нече жолу айыпка жыгылган.

Малика Курманова — 5 млн сом жардам көрсөткөн. Курманова «КВС», «ORANGE», «ТВ Мониторинг ПРО» жана «Вриэзия» компанияларынын негиздөөчүсү. Бул компаниялар соода жана жарнама менен алектенет.

Раушан Сейталиева Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна 5 млн сомду жардам катары которгон.

Абабакир Турганбаев — 4 млн сом жардам көрсөткөн. Турганбаев «Триумф ЛТД», «Голд ресурс», «Руно Имп Экс», «Кей Джи Таш» жана «Грант-Юг» компанияларынын негиздөөчүсү. Аталган компаниялар кен казуу жана курулуш материалдарды сатуу менен алектенет.

Турганбаев мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин «мыйзамсыз баюу» иши боюнча күбө катары суралган. Ошондой эле ал Зилалиев менен жакшы мамиледе болгонун айткан.

*Дүйшөнбек Зилалиев 2018-жылы декабрда «мыйзамсыз баюуга» шектелип кармалган. Ал убакта аткаминерден декларацияга кирбеген 1 млн доллар, батирлер, кеңселер жана зер буюмдары табылган. 2020-жылдын 5-октябрында Биринчи май райсоту Зилалиевди күнөөлүү деп таап, аны тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Каныбек Момунов — 500 миң жардам көрсөткөн. Момунов «ФинансКредитБанктын» директорлор кеңешмесинин мурдагы мүчөсү. Учурда ал «Масса» ЖЧКсын жетектейт.

Компаниялар жана мамлекеттик кызматкерлер

Ильязбек Апызов — 5 млн сом жардам көрсөткөн. Апызов курулуш материалдарды сатуучу «Сыйкыр Топурак» жана «Евразия-Строй-Сервис» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү. Апызов бул каражаттарды «Евразия-Строй-Сервис» ЖЧКсынын атынан которгон.

Кытайлык «ХУА-ЭР» компаниясы — 1 млн сом жардам көрсөткөн. Бул компания кыймылсыз мүлктү сатып алуу менен алектенет. Каражаттарды алардын атынан Гүлзаада Бердалиева которгон.

Султанали Мумбаев — 500 миң сом жардам көрсөткөн. 2015-жылы Мумбаев «ФинансКредитБанктын» директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Талантбек Касымов — 360 миң сом которгон. Касымов президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштейт.