Шайлоо-2021. Жапаров Владивосток, Якутск жана Түштүк Кореяда эң көп добуш алды

Владивосток, Түштүк Корея жана Якутсктун жыйынтыгы

Орусиянын Владивосток шаарындагы №9004, Якутскдагы №9006 жана Түштүк Кореядагы №9042 шайлоо участокторунда президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты.

Анда эки талапкер алдыда келе жатат — Садыр Жапаров Владивостокто 163, Якутскта 529 жана Түштүк Кореяда 63 добушка ээ болду. Ал эми экинчи орунда келе жаткан Адахан Мадумаровго Владивостокто 52, Якутскта 37 жана Түштүк Кореяда 63 шайлоочу добуш берди.

Калган талапкерлер 20га жетпеген добуш алышты. Мындан сырткары эки участокто тең экиден шайлоочу «баарына каршы» добушун берген.

Ошондой эле Якутскта 888 шайлоочунун 538и президенттик башкарууну тандады. Ал эми парламенттик башкарууну жана «баарына каршы» вариантты 26дан шайлоочу добуш берди.

Буга чейин Орусиянын Түштүк Сахалиндеги шайлоо участогунда да Жапаров эң көп добушка ээ болгон.