«Жапаров биринчи, Мадумаров экинчи». Түштүк Сахалинде президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды

Орусиянын Түштүк Сахалин шаарындагы №9013 шайлоо участогунда президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды.

Соцтармактарда жарыяланган сүрөттө талапкер Садыр Жапаров 345 добуш алганын, ал эми анын негизги атаандашы Адахан Мадумаров 100 добушка ээ болгонун көрүүгө болот. Ошондой эле Имамидин Ташов төрт, Мыктыбек Арстанбек үч, Абдил Сегизбаев жана Бабыржан Төлбаев экиден, Курсан Асанов бир добуш алган.

Калган талапкерлерге добуш берилген эмес. Мындан сырткары бир шайлоочу «баарына каршыга» деп белгилеген.

Борбордук шайлоо комиссиясы саат 14:00го карата чет өлкөдө жүргөн 4 704 кыргызстандык шайлоочу добуш бергенин кабарлады. Жалпысынан чет өлкөлөрдө 49 479 шайлоочу бар.