Өлкөдө коронавирус 107 кишиден аныкталды — анын 82си Бишкекте

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 11-январда өлкөдө коронавирустун жаңы 107 учуру катталганын маалымдады. Жаңы учурлардын 78и лабораториялык тастыкталган, ал эми калган 29 бейтап ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыкты.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 82. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда 10 (бир медик), Чүй облусунда сегиз, Баткен облусунда төрт, Ош облусунда эки жана Жалал-Абад облусунда бир кишиден COVID-19 инфекциясы аныкталды.

Өткөн суткада коронавирустан айыккан бейтаптардын саны 101ди түздү — анын ичинде жети медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 57, Чүй облусунда — 16, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда тогуз, Баткен облусунда төрт, Нарын облусунда эки жана Ош облусунда бир бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирус Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда бирден бейтаптын өмүрүн алды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 82 380ге жетти. Анын ичинен 78 003 бейтап айыгып, 1 371 киши көз жумду.

Жалпысынан COVID-19дун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 27 093. Ал эми Чүй облусунда — 11 826, Жалал-Абад облусунда — 9 852, Ош облусунда — 8 316, Ысык-Көл облусунда — 7 386, Баткен облусунда — 7 163, Ош шаарында — 5 534, Талас облусунда — 2 565 жана Нарын облусунда — 2 294 киши коронавируска чалдыккан.

Бүгүнкү күндө илдеттен 839 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 54 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 1 241 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.