Бишкекте балдар хирургу Өмүрбеков пневмония менен ооруканага түштү

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы Гүлжигит Аалиев 20-январда башкы балдар хирургу Талант Өмүрбеков эки тараптуу пневмония менен ооруканага түшкөнүн кабарлады.

Аалиевдин айтымында, Өмүрбеков 19-январда саламаттыгы начарлап ооруканага түшкөн.

«Учурда абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө. Бардык тиешелүү медициналык жардамды алып жатат», – деген ал.

Талант Өмүрбеков Шаардык №3 балдар ооруканасында 44 жылдан бери эмгектенип келет. Анын ичинен 27 жылын аталган оорукананын башкы дарыгери болгон. Бир жыл мурда бул кызматка Гүлнара Жанабилова келген.

Башкы балдар хирургу медицина тармагындагы эмгек жолун 19 жашында баштаган.

Кыргызстанда COVID-19 менен катар пневмония дартына чалдыккандар көп катталууда. Буга чейин өкмөт пневмониянын козгогучу короновирус саналарын моюндаган. Андан соң коронавирус жана пневмониянын статистикасы бириктирилген болчу.

Акыкы сутканда Кыргызстанда COVID-19 илдетине кабылган жаңы 162 учур катталды.

Пандемия башталгандан бери COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 83 430га жетти. Анын ичинен 79 373 бейтап айыгып чыккан.

Республикалык штаб коронавирус Бишкек шаарында эки бейтаптын өмүрүн алганын кабарлады. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус аныкталган 1392 адам көз жумган.

Ал эми кыргызстандагы COVID-19 менен күрөшүүнү иликтеп жаткан ведомстволор аралык комиссия саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун кесепетинен көз жумгандардын расмий статистикасынан күмөн санап жатат. Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева бул маалыматтар төмөн көрсөтүлүп жатканын жакында эле билдирген.